"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Корумду: Мектеп окуучулары тылдын ардагери менен жолугушту

9 Май 2018 жыл 15:30
Көрүүлөрдүн саны: 83

Ысык-Кол районундагы Корумду айылынын жашоочусу 96 жаштагы тылдын ардагери Жумакан Абдрахманова менен жолугушту.

Ысык-Кол районундагы К.Орозов атындагы Корумду отро мектебинин алдынды уюштурулган «Балдар уну» жаш журналисттердин тобу тылдын ардагери Жумакан Абдрахманова менен жолугушуп ангеме курушту. Бул ангемелешуудо тылдын ардагери Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу томонкулорду билдирди:

«Мен 1922-жылы кызматкердин уй-булосундо туулгам. 1930-жылы Караколго атам араба менен алып барып мектепке киргизген. 15 жашымда медициналык окуу жайына кирип,1940-жылы бутуруп, Кадам-Жайдагы ПТУда иштегем. 1942-1944-жылдары согушта фельдшер болдум. 1944-жылдын февраль айында келе жаткан поездибиз жарылып,баардык документтерим жок болгон.Ушул жылы колго келип,турмушка чыктым. Андан кийин жоголгон документтер боюнча маалымат ала албай калгам. Азыр согуштун ардагери эмес,тылдын ардагери катары келе жатам».

Кызы Анара Ахмедова : «Атам Мукаш Ахмедов согуштун ардагери болгон.96 жашында дуйнодон кайтты. Апам Жумакан Абдрахманова тылдын ардагери.1944-жылы баш кошкон. Согуштун оор кундорун оз башынан кечиришкен. Апам азыркы кунго чейин эртен менен конугуулорду жасайт, дуконго озу барып келет, эшиктин алдындагы гулдорду остурот. Айылда тылдын ардагерлери саналуу гана калды. Мен апам менен дайыма сыймыктанып келем»,- деп билдирди.

Ангемелешуудон кийин окуучулар Жумакан Абдрахманованын чарба жумуштарына жардам беришти.

Даярдагандар: Албина Акылбек кызы, Мейлихан Алмазбек кызы, Нуркыз Садатканова.