"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Мерсико уюму тарабынан алма көчөтөрү отургузулганына бир ай болду

19 Май 2018 жыл 11:47
Көрүүлөрдүн саны: 133

Ысык-Көл обласынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектепке Мерсико уюму тарабынан “Мектеп алдындагы бак” проектиси боюнча 96түп алманын көчөттөрү отургузулганына бир ай болду. Көчөтөрдүн баардыгы жалбырак байлады.

Аталган мектептин география мугалими Эркинбек Садыровдун айтымында көчөттүн 96 даанасы алынып келгенин билдирди.

“Бул көчөттөр Мерсико уюму тарабынан каржыланып “Мектеп алдындагы бак өстүрүү” проектиси боюнча келди. Көчөттөр 1200 доллардык проекти 30 сотыйга 96 түп 2 сорттогу алма отургузулат. Бүт алма бактын баардык тарабы сетка менен курчалып ошонун ичинде алма көчөттөрү отургузулуп келечекте бул алмадан сок, как даярдалып 1-4-класска чейин тама-ашына кошумча катары берилет”-дейт проектинин жетекчиси Эркинбек Садыров.

Ал эми ушул мектептин математика мугалими Акылбек Тууганбаевдин айтымында мектеп окуучулары жана мугалимдер да жапа тырмак ишенбилике чыгышты.

 

“Бул көчөттөрдү отургузуу иш чарасында 96 түп алма окуучулар менен жапа тырмак отургузулган. Келечекте өсүп келе жаткан муундарыбызга жакшы жактары тийгизет деп ойлойм Келечек муундары үчүн аракет кылып жатабыз”-дейт Акылбек Тууганбаев.

Мамытов мектебиндеги президентти Кымбат Төлөмүшованын айтымында мектепте аз окуучу болсок да баарыбыз бирдей биримдикте көчөттөрдү отургузуу иш-чарасына жигердүү катыштык дейт ал.

“Бул иш-чара жакшы деңгээлде өттү. Балдар жерлерди казышты биз болсо суу куйдук. Биз ишенбиликтен көптөгөн нерселерди үйрөндүк жана бизден кийинки өспүрүмдөр дагы бул иш-чараны алып кетишине чоң ишеничтемин. Биз мугалимдер болуп жайкысындагы суу куйуп карайбыз”- деп өз сөзүн жыйынтыктады Кымбат Төлөмүшова.

Редактор: Салават Жангабылов.

Даярдаган: Нурзада Бекенова.