"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Кол өнөрчү Бурулкан Молдоева элечек ороо боюнча жердештерине мастер-класс өткөрдү

9 Июль 2018 жыл 10:27
Көрүүлөрдүн саны: 105

Ысык-Көл облусунун Түп айылынын тургуну Бурулкан Молдоева келин болуп келген кезиндеги өнөрүн келе жаткан урпактырына үйрөтүп келет. 40-жылдан ашуун башталгыч мугалими  Бурулкан Молдоеваменен маектештик.

“«Мен келин болуп келгенден бери, тактап айтканда 40 жылдан бири кыргыздын негизги кол өнөрчүлүгү болгон шырдак, ала кийиз жасоо боюнча эмгектенип келем.”

“Мен мектепте башталгыч класстарга 40-жылдан ашуун көл өнөрчүлүктөн сабак берип жүрүп, акырында пенцияга чыккан соң бул нерсе негизги кызыгуум болду”

“ Акыркы беш жылдан бери элечек ороону өздөштүрүп алып, азыр башкаларга да үйрөтө баштадым. Элечектин дайыма пайдаланып келген онго жакын түрү бар. Аны 15 метрден 40 метрге чейинки ак материалдан ороп жасайбыз”.

“Бүгүн биздеги шайыр апалардын мүчөсү Жүзүмкан Турдукожоевага арнап элечек ороону үйрөнүү боюнча мастер-класс өткөрдүк. Мага оймочу Күлсүн Султанбаева, Алымкан Тууганбаева жана неберем Айзада Арстанбекова жардамдашып жана үйрөнүп жатышат.”

 

“ Жүзүмканга 15 метрлик элечекти ороп бердик. Акыркы убакта элечекке басым жасагандар көбөйө баштады. Тойлордо кудагыйларга белекке берүү үчүн буйрутмалар келип жатат. Элечектерди жаш өзгөчөлүгүнө карата сапаттуу кылып жасап берип жатабыз” , — деди Бурулкан Молдоева.
  

 

Даярдаган: Салават Жангабылов