"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

1978-жылдан бери малинанын өзгөчө түрүн баккан Асанакун Дюшебаев менен маек

27 Июль 2018 жыл 11:47
Көрүүлөрдүн саны: 80

Айылдын ардактуу ак сакалы Асанакун Дюшебаев жашы  улгайганына карабастан, бакчасында түркүн мөмө-жемиштерди багат. Ошондой эле 40 жылдан бери көп байлаган малинанын түрүн багат.


  1. Асанакун ата бакчасынын 3 сотых жерине малина эккен. Малина жай мезгилинен тарта кеч күзгө чейин түшүм берет. Малинаны балдарына кыям кылып жана тургундарга жылыга 100сомдон кемибеген баада соода кылат.
    Малина тууралуу жалпы маалымат бере кетсеңиз.
    ¬ Бул малинанын түшүм берүү жагы жакшы. Жылыга малинадан кыям жана суусундуктарды жазап коебуз.Кышкысын даары катары да пайдаланылат.
    Өстүрүүдө кандай кемчиликтер бар?
    -Көп жылдан бери өстүрүп байкасам бир кемчилиги түштүк аймактарына караганда бизде жылуулук жетпейт экен. Эгерде жылуулук жеткенде жылыга жакшы мөмө бермек.

  2. Быйлкы түшүм кандай болууда?
    -Азыр болсо былтыркы жылы аз мөмө берсе быйыл жакшы.
    Малинанын кочөтүн кимден алып, өстүрүп калгансыз?
    -Мен бул сортту айылда өстүргөн кишиден алгам. Ошондон көбөйтүп алдым. Айылдагы элдердин баардыгына көчөт бердим. Элдердин дагы огородторунда жакшы мөмө берген, даарылык касиетке ээ малиананы өстүрүүлөрүн каалайт элем.
    Малинаны канчанчы жылдан бери өстурүп келесиз?
    -Бул малинаны 1978-жылдан бери өстүрүп келем.

    Канча сомдогу акча менен соода кыласыз?
    -Жылыга орточо баасы 100дөн кемибейт. Быйыл 150-250гө чейин чыгып жатат. Бир жылы арзан баада болсо, бир жылы кымбат. Түшүмүнө жараша болот. Малинаны балдарымдан артканын элге соода да кылам жөн да берем жана келген меймандарга малинадан берип ыраазы кылам.
    Маегиңизге рахмат!
    Маектешкен:Нуржанат Советбек кызы