Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Эркинбек Дюшебаев бакчасынын көбүнө Календула Бархаты гүлүн эккен. Учурда гүлдөп бакчасы өзгөчө түскө бөлөнүп турган кези.
Саламатсызбы бакчаңызда өсүп турган гүл кандай аталат?
Бул гүл даары чөптөргө кирет. Аты Календула Бархаты. Бул гүлдүн эки түрү бар. Бири кыска келет, бул чоң болуп өсөт.
Кандай даарылык касиетке ээ?
Даарылык касиети ички органдагы ар кандай ооруларын тазалап чыгат. Ашказанга жакшы жана стрестен арылтат.
Бул гүлдөрдү кандай жолдор менен тересиз?
Гүл өзү абдан чоң болуп жетилгенде коробкага терип, күнгө көрсөтпөй кургатканда өзү уругу түшөт.
А гүлдү ким тарабынан септиңиз?
Атайы Ысык-Көл органикалык карпаративинее
берилген. Облус боюнча 3жерге айдалды Жети-Өгүзгө, Ак-Сууга жана бизде. Быйыл биринчи жылкы себишим.
Гүлдүн дагы бир касиети картошка,чесноктун жээгине сепсе курттар акырындык менен качат экен. Огородду да тазаласа болот экен.
Маегиңизге рахмат!
Даярдаган:Нуржана Советбек кызы