"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада Жакыпбаев Асанбектин жаркын элесине арналган көк бөрү турнири болуп өттү.

26 Октябрь 2018 жыл 14:56
Көрүүлөрдүн саны: 120

Ысык -Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында Ооган согушунун катышуучусу Жакыпбаев Асанбектин жаркын элесине арналган көк бөрү турнири өттү. Турнирди айылдык жаштар демилгелеп, облустук деңгээлде болду.

Жакыпбаев Асанбек Ооган согушунан улам ден-соолугу начарлап, көп жыл оору менен алышып жүрүп 2013-жылы 50 жаш курагында көз жумган. Ардагерди азыркы муун да унутпастан Тасма айылынын көчөлөрүнүн бирине атын ыйгарып, көк бөрү турнирин өткөзүшүүдө.

Бул тууралуу Карасаев айыл аймагынын башчысы Курманбек Кайыков: «25-октябрь Ооган согушунун катышуучусу Жакыпбаев Асанбектин элесине арналган оюн болуп жатат. Бул оюнду уюштурган айылдын жаштарына ыраазычылык билдирем. Негизи, мындай оюндарды уюнтурууда көп чыгым кетет, бирок, ошонун барын уюштуруп жатышат. Биз да жергиликтүү бийлик балдарыбызды колдоп 15миң сом бөлүп бердик. Ошондой эле бул турнирди жыл сайын өткөзүп турсак деген ойлор бар»- деп билдирет.

Жубайы Гүлмира Жээнбаева жолдошунун намыстуулугун, адамга кылган мамилесин, бир тууганга болгон күйүмдүүлүгүн айтып өмүр баянын баяндап берди.

» Жолдошум Асан 2013-жылы каза болоор астында сезгендей өз өмүр баянын жаздырып кеткен. Ал 1963-жылы 12-февралда Тасма айылында жарык дүйнөгө келген. 1981-жылы Аскердик кызматты аткарууга кеткен. 6 ай сержанттыка даярдоодон өткөн соң, ошол эле жылдын 27-октябрында Афганистандын Кандагар шаарына интерноциалдык милдетти аткарып башташкан. Ошондой эле ал жерден «Старший развечик» кызматын өтөгөн. Андан соң «Снайперлик» кызматты өтөгөн. Кызматты өтөп жүргөн маалда көптөгөн жоокерлерди снайперликке дайындаган. Согуштун катышуучусу, ардагерине «За отвагу», Благадарность от Афганского народа»,ата-энесине ыраазычылык каттар жана көптөгөн ардак громата,медаллдар менен сыйланган. Биз Асанды эч убакта эч качан унутка калтырбайбыз»-деди ал.


Асанбек Жакыпбаевдин бир тууган иниси Советбек Жакыпбаев агам экөөбүз чогу чоңойдук, өйдө-ылдыйды бирге көрдүк деп төмөндөгүлөрдү айтат.
«Агам аскерге кеткен жылы мен окууну жаңы бүткөн элем. Бир жылдан соң мен да аскердик кызматты аткарууга Киев шаарына жөнөдүм. Ошентип агам экөөбүз 3жыл жоолуккан жокпуз. Кызматтарды ал Афганистанда мен Киевде өтөдүк. Азыр да агамды унутпастан жаңы муундар атын өчүрбөй ушундай турнир өткөзүп жатканына ыраазычылык билгизем. Биз аз болсо да салымыбызды коштук, куран окутуп Ооган согушунун катышуучуларын сыйладык.» деп билдирет.

Көк бөрү турнири 25-26-октябрь күндөрү болуп баш байгеге коюлган тайды Ичке-Суу айылы экинчи орунду 10 000сомду Сары-Тологой айылы жана 6000-4000сомду Түп, Бирлик айылдары ээлешти.

Даярдаган:Нуржанат Советбек кызы