"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Менталдык Арифметика боюнча олимпиадада Тасмалык окуучулар алдыңкы орунду багындырышты

27 Октябрь 2018 жыл 19:37
Көрүүлөрдүн саны: 172

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев мектебинин окуучулары Менталдык Арифметика боюнча олимпиадада алдыңкы орундарга жетишишти. Жалпы 5 окуучу катышып биринчи жана үчүнчү орундарды багындырып,  калган үч окуучу алдыңкы окуучулар аталышты.


Менталдык Арифметика курсу ушул жылдын жаз айында башталган. Курсту математика мугалими Гүлжигит Асхат уулу жетектеп келген.
Бул тууралуу курстун жетекчиси Гүлжигит Асхат уулу окуу башталаарда ар бир мектептен мугалимдер барып 10 күндүк курстан өткөнбүз. Башында окуучулар өздөштүрүп кете алабы деген коркуу сезимдер болгон деп билдирет.


«Ушул жылдын жаз айында окуу башталган. Ал учурда окуучулардын саны 43гө жетчү,азыр азайып 14 гана окуучу калды. Анын ичинен 5алдыңкы окуучу райондук Олимпиадага катышып келди. Алырдын ичинен 7-8-класстар арасында 1-3орунду биздин окуучулар алды. Сертификаттар менен сыйланып жана «Ак үйгө» жолдомо алышты. Эми Каракол шаарында өтүүчү облустук баскычка катышабыз»- дейт
Окуучу, Олимпиаданын катышуучусу Нурайым Шаякматова окуу башталгандан бери жакшы өздөштүрүп калганын айтат.


«Окуунун башталганына 4 ай болду. Ушул аралыкта 1-китепти бүтүп жакшы өздөштүрүп калдык. Райондук олимпиадага катыштык. Ал жерге райондон мыкты окуучулар барышыптыр. Биз 1-3-орундарды ээледик, жана сертификаттарды алдык» деп билдирди Нурайым Шаякматова.

Даярдаган: Канайым Жаныбек кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы