"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Башталгыч класстардын мектеби оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат

31 Октябрь 2018 жыл 9:26
Көрүүлөрдүн саны: 112

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов атындагы  башталгыч класстардын мектеби оңдоп-түздөлүүдө. Мектепке долбоордун негизинде  чатыры алмаштырылып, кабинеттерге кафель чапталып, эшиктин алдына таман таш төшөлүп ошондой эле ичи-сырты оңдолууда. 

      mektep-remontton-otup-zhatat

Мектепти оңдоо иши эл аралык уюм жана айыл өкмөтү тарабынан каржыланып жаткандыгын Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков билдирди:

“Мектепти оңдоо иш-чарасы “Мерсико” уюму тарабынан оңдолууда. Айыл өкмөтү жана “Мерсико” тарабынан каржыланып жатат. Мерсикодон 432миң сом, айыл өкмөт тарабынан 500 миң сом менен каржыланды”-  дейт Курманбек Кайыков. 

Жээки Бейшеев учурда мектепте оңдоп- түздөө иштерин жүргүзүп жатат.  Анын айтымында кыйынчылык бул жылуулук маселеси деп билдирет:

“Мектепти иштөө эң жакшы деңгээлде жүрүп жатат. Азыркы убакта 80%ы бүттү эми 20%ы калды. Мектепте кыйынчылык деле жок бир гана маселеси жылуулук. Суук түшүп калганына байланыштуу мектепке калуу оор болуп жатат. Тамак-ашыбыз жетиштүү айыл тургундары түшкү тамагыбызды жасап келип беришет”- дейт Жээки Бейшеев. 

Башталгыч классынын жетекчиси Жаңыл Сооронбаева оңдоо иштерине көз карашы  жакшы:

“Башталгыч класстардын оңдоо иштери боюнча компания келип 8 киши келип иштеп жатышат. Класстарды карадык түздөлүп жакшы жасалыптыр. Мурдагы мектептин абалы деле көзүбүзгө жакшы көрүнчү, жылда эле оңдоо иштерин жүргүзчүбүз. Азыр мурдагыдан да жакшы, айырмачылыктары чоң.  Бөлмөнүн төбөсү жаңыланды мурдагы төбөбүз толкун болуп түшүп кетчүдөй болчу. Бул оңдоо иштерине окуучулардын көз-карашы, билим алышына да жакшы таасирин тийгизет деген ишеничтемин”- деп билдирди жетекчи Жаңыл Сооронбаева. 

Ал эми  4-классынын окуучусу Эльшат Чолпонбаев мындай деди: “Көз карашым жакшы, мурда мектеп анча эмес болсо да жакшы окуучубуз эми жаңы жылуу мектепте мындан да жакшы окуйбуз”- деп билдирди.

Куруучулардын айтымында, бул иштер бир жуманын ичинде аякташы керек.

Даярдаган: Нурзада Бекенова, Алина Разыкова