"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Чоң-Тогузбай мектебинде видеобайкоо жүргүзүлүүдө

31 Октябрь 2018 жыл 10:37
Көрүүлөрдүн саны: 103

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Чон-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде видеобайкоо жүргүзүлөт. Видеобайкоо мектептин сыртына жана ар бир класска коюлду. Буга чейин видеобайкоо жок болгон учурда окуучулардын журуш-турушун сабактардын өтүлүшүнө байкоо жүргүзүү оор болгон.

      Nur-FM

Видеокамералардын ким тарабынан коюлгандыгы тууралуу мектеп мугалими Урмат Мурзакуловго кайрылганыбызда төмонкүчө жооп берди:

“Видеокамералар Карасаев айыл өкмөтү тарабынан каржыланды. Биздин Кубанычбек Мамытов мектебине жалпысынан 16 видеокамера коюлду. Артыкчылыктары, окуучулардын сабактарына кечикпей келүүсү, мугалимдердин сабак өтүүсүн көзөмөлдөө оңой болуп калды, сабактарга өз учурунда кирип-чыгуусун, окуучулардын буюм тайымы жоголсо таап берүү оной болуп калды” — деп билдирип өттү тарых мугалими.

Видеокамера коюлгандан кийин окуучулардын тартибин көзөмөлдөө оңой болуп калгандыгын мектептин тарбия завучу Алтынкүл Искакова  төмөнкүлөрдү билдирди:

“Видеокамералдардын коюлушу мектеп окуучулардын тартибин көзөмөлдөөдө абдан чоң жеңилдиктерди берүүдө. Окуучулардын арасында чыр-чатактар, түшүнбөстүктөр азайып, сый мамиледе болуп калышты” – деп сөзүн аяктады мектеп завучу.

Мектеп окуучусу Акбар Абдыкапаровдун айтымында, класска видеокамера коюлгандан кийин окуучулардын арасында уруш- талаш азайды.

“Бир нерсе жоголсо мугалимдер камерадан карап таап бере алышат. Эки окуучу урушуп кетсе ким күнөөлү экенин мугалимдер билип көзөмөлдөшөт жана сабактарда тынч олтуруп, сабакты жакшы түшүнүп атабыз”- деп оз оюн билдирди Акбар Абдыкапаров.

Даярдаган: Ая Кендирбаева, Азиза Бейшекеева, Рыскүл Шамшиева