"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Мектеп окуучуларга жумушчу дептер колдонуу талабы коюлду

31 Октябрь 2018 жыл 10:15
Көрүүлөрдүн саны: 159

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун  Чоң-Тогузбай  айылынын Кубанычбек Мамытов мектебинде ар бир сабактан жумушчу дептер алынсын деген катуу талап коюлду.  Мектепте бардыгы 220 окуучу болсо, андан болжол менен 100 дой окуучу жумушчу дептерди колдоно башташты.

Мамытов мектебинин окуу бөлүм башчысы  Мейиз Сулайманова төмөндөгүлөрдү айтып өттү:

«Жумушчу дептер окуучулар билбегендерин карап, аларды толтуруп, эреже андан сырткары формулаларды үйрөнүүсүнө жардам берет. Мисалы: математика, физика, химия деген сабактардан абдан чоң жардам берет. Баардык мектептер алууда. Басымдуу бөлүгүн Түп районунун мектептери алган. Кээ бир мектептер буйрутма менен алдырууда. Баасы 65 сом турат. Баардык ата-энелер баласы үчүн бүт предметтерден алып берүүдө. Аны менен катар жөнөкөй дептерлер да колдонулуп жатат.  » 

Ал эми 7-класстын окуучусу Малика Үсөнова жумушчу дептер колдонууга ынгайлуу экенин билдирди:

«Эгерде жумушчу дептерди алсак, анын ичиндеги көп нерсени үйрөнөт экенбиз. Бирок аны менен кошо эле жөнөкой дептерди да колдонуп жатабыз.» 

Жумушчу дептер тууралуу ата-энелер тарабынан Кызжибек Молдакматова 3-4 баласы барларга ар бирине 10 дон дептер алып берүү кыйынчылык жаратат деген ойдо:

«Жумушчу дептер алууга менин көз карашым, айыл жергеси болгондуктан шарты бар, шарты жок үй- бүлөлөр бар. Кээ бирөөлөргө оор болуп эле  жатат. Менин оюмча мурдакы жөнөкөй дептер колдонсо эле жакшы болмок. Кээ бирөөбүз алып бере албай эле жатабыз» — деп билдирди ата-эне.  

Даярдаган: Нуриза Муратбекова, Алия Азымбекова