"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Окуучулар үчүн жаңы даараткана салынып баштады

31 Октябрь 2018 жыл 11:28
Көрүүлөрдүн саны: 86

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын башталгыч класстар мектебинин дааратканасы авариялык абалда калганына байланыштуу кайрадан жаныланып салынууда.

Учурда фундаменттин түптөрүн казуу иштери жүрүп жатат. Бул жөнүндө кененирээк курулуштун  башчысы Темирбек Абдраев  айтат.

 «Бул даараткананы салууга ушул мектептин жазган проектиси боюнча «Мерсико» 70% ын калган 30%ы айыл өкмөтү тарабынан каржыланып берилүүдө. Төмөндо аталган проектинин жаңы гана бүткөндүгүнө байланыштуу, курулуш иштери жаңы башталууда. Даараткананын фундаментинин бардыгы бетон жана арматура менен жасалат. Дубалы кызыл кирпич менен тизилет, бардыгы мыкты сапатта жасалат, болжол менен даараткана бир айдын ичинде бүткөрүлүп толук кандуу ишке берилет»- деп билдирди курулуш иштеринин башчысы Темирбек Абдраев. 

Башталгыч класстын мугалими Жаңыл Сооронбаева мурдагы даараткана талапка жооп бербей эски абалда болгонун айтты:

«Жогорку корпуска даараткананын салынышына абдан түз көз караштамын. Даараткана окуучулар үчүн өтө эле тар болчу, эски да эле. Кээ күнү катуу шамал болгондо эшиги түшүп калар эле. Ошол себептен жаңы салынып жаткан даараткана талапка жооп берет деп ойлойм. Мурдагы даараткана абдан начар абалда болчу.» 

Таза жана жаңы даараткана окуучулардын ден-соолугуна жакшы таасир берет дейт Чон-Тогузбай айылдын ден-соолук комитетинин башчысы Дамира Алдаярова.

«Мектептин дааратканасы көп жылдан бери эски абалда болгондуктан, кенже класстын окуучуларына абдан коркунучтуу болчу. Катуу шамал болгон күндөрү эшиги ачылып кулап калышы мүмкүн эле. Жаңы даараткананын салынышы менен окуучулардын ар кандай ашказан, ичеги-карын оорулары азаймак”- деп айтып өттү мед айым.

 Даярдаган: Мыскал Арунова, Ырыскул Нурлан кызы, Зарылканова Аделина