"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Ооруганына карабастан ыр жазуу менен алектенип, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон Мээрим Усенбаева.

1 Ноябрь 2018 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны: 117

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Мээрим Усенбаева 1982-жылы жарык дүйнөгө келген.11 айында минингит оорусуна кабылып, мүмкунчүлүгү чектелген. Учурда Мээрим Усенбаева 36 жашта. ДЦП болуп ооруганына карабастан ал көптөгөн ырларды жазып, Facebook  баракчасына жүктөйт. Андан тышкары ал конкурска катышып, Чолпонбек Абыкеевдин “Бриллиант жылан” китебин жеңип алган.

Мээрим Усенбаева мектепте да башка балдардай болуп окуган эмес, окуганды чоң атасынан үйрогөнүн, кичинеекей кезинде чоң атасы көптөгөн адабий ыгармаларды, жомокторду окуп, айтып бергенин айтып, ошонун таасири тийип ыр жазып калганын билдирди:

“Мен чон тамдан көптөгөн жомокторду уктум, апам да мени менен санаторийге барганда көптөгөн жомокторду окуп берчү, кийин ошолордун таасиринен улам ыр жаза баштадым. Башында уялып эч кимге айткан эмесмин. Өзүм ручка кармап жаза албагандыктан көптөгөн ырларым унутулуп, жазылбай калды. Кийинчерээк иниме айтып жаздырдым. Азыр болсо жазган ырларымдын көпчүлүгүн Facebook баракчама жүктөйм” – деп билдирди Усенбаева.

Мээрим Усенбаеванын атасы Мукай Усенбаев кызынын мүнөзү шайыр, акылдуу экенин айтты:

“ Кызымдын көзүн карап атып эрке болуп калган, бирок аябай акылдуу, кичинекейинде чоң атасы алфавитти үйрөтүп, азыр окуганды жакшы билет, мектепке барып окуган эмес, бирок эле колуна калемсап кармап жаза албайт. Мүнөзү аябай жакшы, кошуна-колоңдор менен, ага-жеңелери менен өтө жакшы мамиледе, өзү сүйкүмдүү” – деп өз оюн билдирди атасы Мукай Элебаевич.

Апасы Зайрагүл Тыйтакова кызынын мындан сырткары үйдөгү жумуштарда көп жардам берээрин айтты:

“ кызым төрөлгөндө жакшы эле төрөлүп, 11 ай болгондо ооруп калды. Ооруканага алып барсак минингит деп, жүлүнүнөн суу алып, ошондон улам кызым олтурбай дагы баспай да калды. Анан даарылап, ооруканагаларга алып барып атып, 7 жашында отуруп, 14 жашка келгенде басты. Эми андан бери кудайга шүгүр ары жак бери жакка алып барып атабыз. Үйдөн отуруп көптөгөн ырларды жазат. Жакында бир композитор ырларын жактырып, алыптыр обон чыгарам деп, эми ошону күтүп атат. Көбүнчө ырларды өзүнүн тагдырына тиешелүү кылып жазат” – деп билдирди апасы.

 

Кичүу инисинин колуктусу Нурзаада Койлубаева эжеси жөнүндө төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Мээрим эже өзү ДЦП инвалид, ошо оорусуна моюн бербестен өтө жакшы, тексти маанилүү болгон ырларды жазат. айрыкча түн ичинде тынч убактарда жазганды жакшы көрөт. убактысынын көпчүлүк бөлүгү интернетте жана ыр жазуу менен өтөт. Андан сырткары бош убактысында бөбөктөрүн карайт. Өзү аябай ак көңүл, шайыр” – деди Нурзада Койлубаева.

Даярдаган: Саадат Турдуматова Гүлназ Жумагулова.