"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Айыл тургундары көчөлөрдүн тазалыгына көңүл бурбай эле

2 Ноябрь 2018 жыл 11:51
Көрүүлөрдүн саны: 106

Ысык-Көл областынын Туп районуна караштуу Тасма айылдын киребериши жана көчөлөрүндө таштандылар көп.Таштандылар көп болгондугуна байланыштту оорулуар көп чыгышы мүмкүн .

 

Тасма айылындагы ФАПтын мед айымы  Жанар Коңурбаеванын айтымында    “Таштандылар жугуштуу оорулар менен аралашып чыгып аткан болсо,ошол ооруну эле пайда кылат.Биз оору канадан чыккан таштандыларды өрттөйбүз.Таштандылар ар кандай ооруларды жугузат.Мисалы:ВИЧ, СПИД,ТУБУРКУЛЁЗ,ИНФЕКЦИЯЛУУ ооруларды жугузат.Сасык тумоо оорулары таштандылар аба аркылуу жугат.Иттин богун чогу тырмап көчөгө таштаса Альбиндазол  ооруну алып келет.Таштандыларды жалпы элдер чогултуп ар бири өзунө жооп берсе жакшы болмок”-деп билдирди.

Аталаган айылдын тургуну Чолпон Маданбекова  айтымында  “Айлана-чөйрөгө зыян,жаман  жыттарды ар кандай жугуштуу ооруларды алып келиши мумкүн.Таштандылардан арылыш үчүн эл арасында тартип болушу керек. Кичинекей балдарды тарбиялоо,баарын бир жолго салып,айла-чөйрөгө жакшы мамиледе болууну үйрөтүш керек”-деп билдирди.

Карасаев айыл өкмөт  Курманбек Кайыковдун айтымында “Эми бул таштандыларды биздин айылда толук кандуу бир жолго коюлду дегенден алыспыз.Биз эми башка айылдар менен биригип таштанды төккөн жер казганбыз. Колдон келсе проект жазып ,таштанды маселесин чечкенге аракет кылабыз”-деп билдирди.

Даярдаган:Гүлзар Курманбекова,Асель Мамытова.