"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Айылдык тургун күйүүчү май насосун бир калыпта иштешин көзөмөлдөгөн шайман ойлоп тапты

2 Ноябрь 2018 жыл 11:15
Көрүүлөрдүн саны: 63

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Бейшенбай Саадабаев трактордун моторунун иштешине келүүчү күйүүчү майды бир калыпта берилишин көзөмолдөөчү жабдык ойлоп тапты.Айылдык тургун бул аппаратты жаз айында жасап өзүнүн техникасын жана бөлөк тракторлорду оңдогон.



-Бул апаратты качан ойлоп тапкансыз?
-Мен бул аппаратты жаз айында жасагам. Себеби, тракторлор көбүнчө жаз мезгилинде иштегендиктен ошол мезгилге туура келди.
-Эмне кызмат аткарат?
-Трактордун күйүүчү май насосундагы майларды тууралап, жалпысынан трактордун өндүрүмдүү иштешин көзөмөлгө салат.Бул аппараттын көзөмөл аркылуу моторго күйүүчу май бир калыпта берилет.
Эмнелерден жасалган?
-Жигулинин каробкасынан, 1 КВТ электромотор жана темирлерден турат.


-Канча каражат кетти?
— Каражат деле кеткен жок. Майда темирлерден эле жасалды. Болгону убакыт керек.
-Өзүңүздүкүн эле жасайсызбы?
— Өзумдун техникамды жана элдин да трактор, комбайндарынын майларын текшерип берем.


-Мындан сырткары да аппараттарды жасайын деген оюуңуз барбы?
— Эми бары алдыда, дагы көрөбүз
Маегиңизге рахмат!
Даярдаган:Нуржанат Советбек кызы, Жазгул Нурбек кызы