"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында маданият үйү курулууда

2 Ноябрь 2018 жыл 10:38
Көрүүлөрдүн саны: 119

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында маданият  үйү курулуп жатат. Курулуш иштери 2017-жылы күз айында башталып, мамлекеттик бюджеттен каржыланууда. 

Бул тууралуу Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков билдирди:

Exif_JPEG_420

“Маданият үйүнүн проектиси 2014-жылы айылдык кенештин беш жылдык өнүгүү программасына киргизилген. Ошол проект боюнча планга кирип быйыл экинчи жыл каржыланып жатат 200 орундук. 2019-жылы жыйынтыктап толук бүтүрүүгө аракет кылабыз. Быйыл күн ачык болуп шарт болсо, үстүн жапканга каражаттар бөлүндү. Так суммасы 8 млн сом бөлүндү. Бул проекти 16,5 млн сомдук проект. Ошондо 7,5млн сому калат. Проектиге бардык технологиялар кирген жашылдандыруу жана ичиндеги ленталар кирген. Буюрса, келээрки жылы бүткөнгө аракет кылабыз. Мурун маданият үйү жок кезде маданий иш-чаралар мектепте, сырттарда болгон”.

Аталган айылдын маданият үйүнүн куруучусу Ринат Байгазиевдин айтымында: “Бул маданият үйүнүн курулушу 2017-жылы күзүндө баштаганбыз. Буюрса, жазга чейин бүтүүгө аракет кылабыз. Курулуш учурунда аба- ырайына байланыштуу кыйынчылыктар көп болуп жатат. Каржылап берген “Бабек” фирмасы. Бул жакта келип-кетип, 5 куруучу иштеп жатабыз”-деп билдирди. 

Айыл тургундары маданият үйүнүн салынып жатканына кубанычта. Эркингүл Тойгонбаева:  “Маданият үйүнүн салынышына көз карашым жакшы. Маданият үйү болгондо бардыгы болот. Окуучуларга ар кандай майрамдар,айылдык чогулуштар, ар кандай концерттер жогорку деңгээлде өтүшөт эле. Мурун маданият үйү жок кезде мектептин жыйналыш залында,спортук аянтчада өтчү”- дейт.

Даярдаган: Гүлзар Курманбекова, Асель Мамытова