"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылынын борбордук көчөсү жарыктандырылды

2 Ноябрь 2018 жыл 11:00
Көрүүлөрдүн саны: 84

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Абдыбаев Абдыкерим көчөсүнө жарыктандыруу коюлду. Бул айылдагы жарыктандырылган биринчи көчө. Жарыктандырууга  муктаж дагы айылдын көптөгөн көчөлөрү бар. 

Бул иш-чара тууралуу Карасаев айыл өкмотүнүн башчысы мындай деди:

“Тасма айылынын борбордук көчөсүнө 1 км 100 метр деги түнкү жарык коюлду. Келечекте дагы бардык көчолөргө коебуз. Элдерге да айтып жатабыз, каражат чогултуп толөмдордү төлөп беребиз деп. Азырынча демилге боло элек, бирок 20 жылдыктар же башка кийинки муундарыбыз айылга пайдалуу нерселерди жасап берет деген ниеттебиз.”

Айыл тургуну Индира Кыдырмышова жарыктандыруу жакшы болду, бирок башка көчөлөрго да коюлса деген ойдо:

“Бул Тасма айылынын борбордуккөчөсүнө коюлган жарык абдан жакшы болду. Кичинекей балдар ойноп чыгып жакшы болуп жатат. Айыл үчүн абдан пайдасы тийип жатат. Көз карашым абдан жакшы. Ушундай жарыктандыруу Тасма айылынын бардык көчөсүнө коюлса деген оюбуз бар. Айылда мурун караңгы эле азыр жарык болуп өтө ынгайлуу. Көптөн- көп суранат элек ушу борбордук көчөгө эле эмес, бардык Тасма айылынын көчөлөрү жарыктандырылышын.”

 Даярдаган: Гүлбайра Кыдырмышова, Канайым Жаныбек кызы