"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Коомдук ишмер Аскат Молдобаев айылга демөөрчүлүк көрсөтүүдө.

2 Ноябрь 2018 жыл 10:45
Көрүүлөрдүн саны: 89

 

Түп районунун Тасма айылынын кире беришине чоң тамгалар менен “Тасма” жазуусу орнотулуп, айылга көрк берди. Буга чейин айылга келген коноктор жазуу жоктугунан башка айылдарга өтүп кетип, убара болушчу. Бул иш чара коомдук ишмер, Тасма айылынын кулуну Аскат Молдобаевдин каржылоосу менен ишке ашууда. Келечекте жазуунун тегерегин бакчага айландырып, көрктөндүрүү пландары бар. Мындан тышкары коомдук ишмер мектепке түстүү принтер алып берип, Абдыкерим көчөсүнүн оңдолуусун камсыздаган.

Бул тууралуу Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Изат Молдобаев төмөнкүлөрдү билдирди:

“Бул иш чара Аскат Молдобаевдин каржылоосу менен ишке ашууда. Буга чейин дагы көп демөөрчүлүк кылган. Келечекте бул жазуу белгисинин тегерегине балатыларды олтургузуп, жарыктандыруу пландалууда. Бул башталышы гана. Жазуу белгисин 78 миң сомго, ал эми түстүү принтерди 18 миңге алдырды. Түстүу принтерди мугалимдер кайрылгандыктан демөөрчүлүк кылды. Буга чейин коомдук ишмердин атасы Кеңеш Молдобаев 2000-2001-жылдары мектептин чатырын алмаштырууну камсыз кылгын. Атасынын жолун жолдоп, Аскат Молдобаев дагы көптөгөн жардамдарды берүүнү пландоодо” – деп билдирди Изат Молдобаев.

Сопиев орто мектебинин тарбия завучу Кундуз Шалтабаеванын айтуусу боюнча түстүү принтердин келүүсү мугалимдерге жана окуучуларга чоң пайда алып келген:

“Мурда иш кагаз, отчёт жазып чыгарууда атайын Караколго же Түпкө чейин барып, чыгарып, көп убара болчук. Эми түстүү принтер келип, иш кыйла жакшы болуп калды. Кагаздарды чыгаруу үчүн убара болбой мектептен эле бат бүтүрүп алып, өзүбүз каалагандай, оюбуздагыдай кылып чыгарып, окуучуларга  мугалимдерге да жакшы болду” – деп билдирди мектептин тарбия завучу.

Айыл тургуну Кылыч Кеңешбеков “Тасма” белгисинин коюлуусу тургундарга чоң пайда алып келгенин айтты:

“Бул жазуу Айыл тургундарына жана конокторго абдан эле жакшы болду. Себеби алыстан келген же биринчи жолу келген коноктор жазуунун жоктугунан башка айылдарга отүп кетип убара болушчу. бул жөн гана белги болбостон, айылга да кооздук берип турат. Жарыктандырып коюшса андан да жакшы болмок” – деп оз оюн айтты Кылыч Кеңешбеков.

Даярдаган:  Саадат Турдуматова, Гүлназ Жумагулова.