"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада “Күз майрамы- 2018” сынагы болуп өттү

2 Ноябрь 2018 жыл 11:29
Көрүүлөрдүн саны: 629

Тасма айылында Асан Сопиев атындагы орто мектебинде окуучулар арасында “Күз майрамы 2018” сынагы болуп өттү. Сынакка 1-11-класстардын окуучулары катышты. Бул класстардын окуучулары жакшы деңгээлде катышышкан. Сынак учурунда конкурстар болуп, класстар таймашышты. 

Биринчи орунду 11-класс багындырды. Өзүнүн жеңиши тууралуу 11-класстын окуучусу Асылзат Абдыбекова мындай деди :

“Күзгү кечке даярданып жатканда биринчи орунду алабыз деп ойлогон эмеспиз. Алар 2-3 орунду алабыз деп ойлогонбуз. Башка класстардын окуучулары көп болгондуктан, алар аябай жакшы даярданып жатышкандыктан, аларда аз окуучу болгондуктан аз убакытта эле даярдандык. Атаандаштар күчтүү болушту. 9-10-класстын кыздары көп болгондуктан аябай жакшы даярданышыптыр. Программада эң кыйынчылыгы бий болду. Стенгазета, буклет жактоо, күз периси, ар кандай жалбырактардан көйнөк жасоо, саламдашуу, жекече номер  болду.

Бардык катышуучулардын даярдыгы тууралуу мектептин тарбия завучу, мугалим Кундуз Шалтабаева окуучлардын жакшы даярданганы тууралуу айтып берди:

“Түшүм майрамы жылына күзүндө сентябрь- октябрь айларында болуп өтөт. Бул түшүм майрамын уюштуруу максаты окуучулардын жаратылыш менен таттуу мамиледе болуусун, дыйкандардын жазгы-күзгү эмгектерин баалоодо жана ошондой эле эстетикалык тарбия берүү максатында уюштурулат. 1-11- класстагы окуучулар катышышты, 1-7- класстар өзүнчө бир деңгээлде, 8-11- класстар бир деңгээлде өз- өзүнчө формадагы иш чаралар өттү. 1-7-класстын окуучулары өзүлөрүнө болуп берилген буклеттерди, стенгазеталарды даярдап, илимий иш жакташат, белгиленген темага карата ырларды ырдап беришет, оюндарды аткарып беришет. Ал эми жогорку класстын окуучулары 8-11-класстынт окуучулары өздөрү программаларды  өзүн- өзү башкаруу уюму менен биргеликте таймаш өтүшөт, программасын өздөрү түзүшөт.  Ал программада берилген дүйнө элдеринин түшүм майрамдары темага жараша буклеттер, дубалгазеталары каралат, андан сырткары күз ырлары, күз бийлери бийленет. Быйылкы жылы активдүү катышты деп негизи бул майрамдын калыстар тобуна өзүн- өзү башкаруу уюумунун мүчөлөрү кирет, анан мугалимдерден кирет  эки эле мугалим кирет, баалап чыкканда эң мыкты класс болуп 2-б класс, 6-б класс , ал эми жогорку класстардан таймаш түрүндө өткөн сынакта 11- класс 1- орун алды, 2- орун 10-класс, 3-орунду 9-класс алышты”.

Мектептин маданият министри, уюштуруучу Нуржанат Советбек кызынын билдирүүсүндө  ар бир класс күзгү түшүм майрамында жакшы деңгээлде даярданганын айтып өттү.

“Мектеп арасында түшүм майрам жылына өткөзүлүп келет. Быйыл 1-7-класстар арасында сынак түрүндө болуп, жакшы деңгээлде  даярданышыптыр. Ал эми жогорку класстар арасында КВН болду. 11- класс аз окуучу болсо да жакшы деңгээлде даярданышыптыр. Ошондой эле белгилеп кетсем, 9- класстын кызддары мыкты деңгээлде дайынданышыптыр”- деп билдирет.

Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова, Нуркыз Ырысалиева