"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Айыл тургуну гүлдөрдүн түрүн багуу менен алектенет

23 Ноябрь 2018 жыл 18:56
Көрүүлөрдүн саны: 197

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Жылдыз Кыдырбаева көп жылдан бери гүлдүн ар кандай түрлөрүн өстүрүү менен алектенет.


Жылдыз Кыдырбаева кичине кезинен бери гүлдөргө кызыгуусу күч болгонун, азыркы тапта 50дөн ашык гүлдүн түрүн багып жаткандыгы тууралуу айтып өттү.

«Мен негизинен гүлдөрдү практика жүзүндө өстүрүп көрүүнү жакшы көрөм. Себеби, биздин шартта кандай өсөт. Барын байкайм. Ошондой эле алардын барынын тарыхын, мүнөзүн изилдеп чыгам. Акыркы 4-5-жылда гүлдөрдүн мекени болгон Галандиянын түркүн гүлдөрүн алып келип өстүрүп жатам. Бөлмө гүлдөрү эле эмес бакча гүлдөрүнүн да түрлөрү бар. Өстүрүп көбөйтүүнү каалагандар болсо кайрылышса да болот»-деп билдирди.

Кошунасы Гүлназ Жумагулова Жылдыз Кыдырбаеванын гүлдөрүнүн кооздугу тууралу баяндап берди.

«Жылдыз эже кошунам, эжем болот. Көп жылдан бери гүлдөрдүн ар кандай түрлөрүн багат. Өзгөчө жай мезгилинде үйүнө келсен короосу түркүн гүлдөргө толуп турат. Мен да гүлдөрдү жакшы көргөндүктөн мага да беришет»-дейт Гүлназ Жумагулова берген маегинде.

Даярдагандар: Жибек Мелисова, Аяна Элеманова

Редактор: Нуржанат Советбек кызы