"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата концерт өттү

8 Декабрь 2018 жыл 9:27
Көрүүлөрдүн саны: 112

3-декабрь «Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата» Асан Сопиев мектебинде концерт өткөзүлдү. Концертти «Аваз » өзүн-өзү башкаруу уюму алып барды.

Тасма айылы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген беш бала бар. Алар мектепке чакырылып, морофондун негизинде белектер берилди.

Мектептин соц педогог мугалими Ширин Жанекованын билдирүүсүндө иш-чарада мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды чакырып аз да болсо көңүлүн көтөрүүгө аракет кылдык деп билдирет.

«Бул концертти мектептин «Аваз» уюму тарабынан коюлду. Ага эки мүмкүнчүлгү чектелген балдар келди. Аз убакыт болсо да алардын маанайын көтөрүп, белектерди бердик» деп билдирди.

Концертти көргөн Баатырбек концерт мага абдан жакты. Бизге жакшы белектерди берди дейт.

Мектептин президенти Саадат Турдуматова мүмкүнчүлүгү чектелгендерди биз дайым тең укукта кароо максатында концерт уюштурдук дейт.

«Биздин айыл боюнча беш мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар. Алардын бардыгын бүгүнкү концертке чакырганбыз, тилекке каршы Айдарбек менен Баатырбек гана келди. Алардын көңүлүн көтөрүп концерт тартууладык. Ошондой эле бир жума мурун морофон өтүлгөн, ошонун негизинде жана айылдык дүкөндөр көмөк көрсөтүп, белектерибизди бердик» деп айтып өттү.

Даярдаган:Аяна Айбек кызы
Редактор:Нуржанат Советбек кызы