"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада Асан Сопиев мектебинин беш мугалими Ардактуу эс алууга чыгышты

14 Декабрь 2018 жыл 17:10
Көрүүлөрдүн саны: 56

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин беш мугалими Ардактуу эс алууга чыгышты. Ошондой эле район тарабынан ардак громматалар менен сыйланышты.

Эч алууга чыкан Кыдырымыш Масылов адам адам коом жана АЧД, Эркинбек Ибраимов тарых, Сален Сопиев биология, Закыпкан Арыкбаев башталгыч класс, Айнагүл Асанбекова физика мугалимдери болушкан.

?


Мектеп директору Алик Мамытов бизде быйылкы окуу жылында беш мугалим Ардактуу эс алууга чыгышты алар агартуу тармагында көптөгөн жылдар боюу иштегендигит айтып өттү.

«Быйылкы жылы Арыкбаев Закыпкан эжей, Сопиев Сален агай, Ибраимов Эркинбек агай, Масылов Кыдырымыш агай жана Асанбекова Айнагүл эжейлер Ардактуу эс алууга чыгышты. Бул мугалимдер жеке эле Сопиев мектебинде эмгектенбестен башка жерлерде да кызматтарын өтөштү. Мисалга алсак Масылов Кыдырмыш агай бөлөк мектептерде да директорлук кызматтарды, Сопиев Сален агай завучтук кызматтарда эмгектенишкен» деп билдирет.

Ардактуу эс алууга чыкан Кыдырымыш Масылов өзүнүн эмгек жолу менен бөлүшүп жана бир канча сыйлыктардын ээси болгондугун айтып өттү.

«Мен агартуу тармагында вдвм коом ,адеп, АЧД сабактарынан берип, 44 жыл эмгектендим. Анын ичинен директорлук кызматта 24 жыл иштедим. Ошол убактарда мектеп областан, райондон алдыңкы орундарды алды. Ошондой эле кызматтарым үчүн райондун, областын ардак громаталары менен, Кыргыз ССР инин Эл агартуунун отличниги жана көптөгөн дипломдор менен сыйлангам»деп айтып өттү.

Мектеп окуучусу Гүлзар Курманбекова мугалимдердин берген сабактары кызыктуу жана өзгөчө болчу деп айтат.
«Бизге Кыдырымыш агай, Эркинбек агай, Сален агай, Айнагүл эжей сабак берчү. Ошондой эле сабактарды өзгөчө усулдар менен жакшы жеткиликтүү билдиришчү » деп айтып өттү.

Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Гүлбайра Кыдырымышова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы