"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Кыш мезгилинде да салаттардын түрүн жасаган Жаңыл Чыңгызбаева

18 Декабрь 2018 жыл 18:13
Көрүүлөрдүн саны: 109

Ысык-Көл облусуна караштуу Тасма айылынын тургуну Жаңыл Чыңгызбаева кыш мезгилине карабастан салаттардын түрүн жасоо менен алек. Айыл тургуну өзү өстүргөн өсүмдүктөр менен айылдын таза продукциялуу салаттарын жасайт.

Багбан Жаңыл Чыңгызбаева өзү өстүргөн памидор, перецтери бышып, алардан кетчуп жана салаттардын түрүн жасап жатам деп билдирип өттү.

«Мен шаардан жемиштерди албайм. Себеби өзүм айылдын шартында таза өскөндүгүн жакшы көрөм. Мисалы жазында сепкен перец памидорлорум азыр бышып жатат. Алардан азыр жаңы жылга карата жаңы салаттардын, кетчуптун түрүн жасап жатам. Мен бул салттарды жасоонун түрүн кайненемен үйрөнгөм. Жазгысын огородко капуста, бадыраңдын түрүн себем. Ошондой эле памидордун 4 түрүн себип, күзүндө ящиктерге терип коём. Алар кышкысын башат жана ошолор менен жаңы салаттарды жасайм. Коңшу келиндерге кеңештеримди берем, конок келсе да салаттын түрлөрүнөн салып узатам» деп билдирет.


Жаңыл Чыңгызбаева менен бирге салат жасоону үйрөнүп жаткан Гүлназ Жумагулова жай айынан бери чогу жасашып сок, варенье, салаттардын түрлөрүн жасагандыгын айтат.

«Азыркы кыш мезгилине карабастан памидор,перецтер бышып жаткандыгына байланыштуу ар түрдүү салаттарды жасап жатабыз. Көбүнчө Жаңыл эженин рецептери жана интернеттен да карап жасап жатабыз. Ошондой өзүбүздүн продукцияларды айландырып. Элге экологиялиык эактан таза продукцияны жеткирүү максатында проект жазсак деген ойлорубуз бар»деп айтып өттү.

Даярдаган:Гүлбайра Кыдырымышова
Редактор:Нуржанат Советбек кызы