"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Асан Сопиев мектебинде ысык тамак берилип жатат

30 Декабрь 2018 жыл 19:40
Көрүүлөрдүн саны: 94

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин башталгыч класстары үчүн ысык тамак бериле баштады.

Бул тууралуу аталган мектептин директору Алик Мамытов ысык тамак  ушул жылдын ноябрынан тарта берилип жаткандыгын айтат.

 

«Ысык тамак жалпы мамлекеттик деңгээлде каралып жаткан иш-чара. Ысык тамак ичүү менен балдардын ден-соолугуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле витаминдер жетиштүү болуп, сабакка көңүлдөрү жакшы тартат. Тамак 1-класстан 4-класстарга чейин берилүүдө» деп билдирет.

Асан Сопиев мектебинин 4-классынын окуучусу Нуржанат Азаматованын айтуусунда тамак ичүү менен өзүбүздүн организмибизге керектүү витаминдерди алуудабыз дейт.

 

«Биз мектепте буга чейин булочка жана чай ишчүбүз. Азыр болсо каша, күрүч, борш тамактарын ичүүдөбүз» деп айтып өттү.

 

Тасма айылынын тургун, ата-эне Гүлиза Сакбаева окуучуларга тамак берилүүсүн колдогондугун айтат.

 

«Ысык тамак келүүсү бул мектептин өнүгүүсү болуш керек. Балдардын да кызыгуусу артып, мектепке барышат. Балдарыбыз күнүгө ар кандай ысык тамактын түрлөрүн жана кампотторду ичип жатышат. Ата-энелер тарабынан 200сомдон берип жатабыз» деп билдирет.

 

Даярдаган: Аяна Айбек кызы

Редактор: Нуржанат Советбек кызы