"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Сопиев мектебинде Аваз Дүйшөбаевдин жаркын элесине арналган сынак өттү

27 Февраль 2019 жыл 20:24
Көрүүлөрдүн саны: 122

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде Баткен согушунун катышуучусу Аваз Дүйшөбаевдин жаркын элесине арналган «Мекен сакчысы»сынагы өттү. Сынактын жүрүшүндө командалар таймашуу менен өткөзүлдү.

Сынактын соңунда 11-класс 1-орун, 2-орун 10-класс алуу менен жыйынтыкталды.

Бул тууралуу мектеп директору жана калыстар тобунун мүчөсү Алик Мамытов окуучулардын даярдыгы жакшы деңгээлде болгондугун айтат.

«Бул сынакта окуучулар жакшы деңгээлде даярданышыптыр. Катышпай калган класстар да болду. Бирок 1 балл айырмачылык менен 11-класс алдыңкы орунду алышты.» деп билдирет.
<img src="http://tasma.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/12/2019/02/IMG-20190226-WA0072.jpg" alt="" width="1080" height="607" class="alignnone size-full wp-image-2221" /
Сынактын уюштуруучусу "Аваз" уюмунун маданият министири Нуржанат Советбек кызынын айтымында сынактын башкы максаты мекенди коргоого, сүйүүгө арналып жана Баткен согушунун катышуучусу Аваз Дүйшөбаев агабыздын жаркын элесине арналды деп билдирет.

Сынактын катышуучусу Эрмек Асанакунов сынактан Мекен кызматкери болууш үчүн таасир ала алдым дейт.

"Бул сынакта негизи аскердик кызматкердин ордуларын аткаруу кыйын экен. Биз да күчтүү аткара алдык дебейбиз. Бирок аракет кылдык. Бул сынак менен Мекенди сүйүүгө коргоого багыт алдым" деп билдирди

Даярдаган:Гүлбайра Кыдырымышова

Редактор:Нуржанат Советбек кызы