"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Сопиев мектебинин эки окуучусу Менталдык Арифметика олимпиадасында байгелүү орундарды ээлешти

5 Март 2019 жыл 20:07
Көрүүлөрдүн саны: 205

Менталдык Арифметика олипиадасынын шаардык баскычында Асан Сопиев мектебинин 2 окуучусу алдыңкы орундарды алышты. Алар 4-классынын окуучусу Асема Урматова 1орунду ээлеп смарфон, медалдар менен сыйланды.Ал эми 7-классынын окуучусу Нурайым Шаякматова 3-орунду багындырып, Ташкентте өтүүчү олимпиадага жолдомо алышты.



Бул тууралуу Менталдык Арифметика курсунун жетекчиси Асылзат Абдыбекова төмөндөгүлөрдү билдирет.

«Шаардык олимпиадага көптөгөн окуучулар барды. Бизден жалпы 9 окуучу барган.Ошолордун ичинен Асема менен Нурайым алдыңкы орундарга татыктуу болушту .

Окуучулардын жетишкендиктери тууралуу мектеп директору Алик Мамытов курстун келечеги кең экенин айтат.

«Менталдык Арифметика олимпиадасына барган окуучулар дайыма ийгилик менен келип, кубантып жатышат. Алдыда дагы ийгиликтерди жаратышат деген ишеничтемин»деп билдирди.

Олимпиадада 3-орунду ээлеген 7-классынын окуучусу Нурайым Шаякматова буга чейин Казакстанда өткөн олимпиадада 2-орунду ээлегендигин айтат.

«Буга чейин Казакстанда өткөн олимпиадага катышып алдыңкы орунду ээлегем. Бул олимпиадада 3-орунду ээлеп, громмата, сертификаттарды алдым» дейт

Асема Урматова жана Нурайым Шаякматова эми март айынын соңунда Ташкент шаарындагы олимпидага катышышат.

Даярдаган:Саадат Турдуматова, Аяна Айбек кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы