"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Айыл тургуну Керез Исмагулов жашылдандыруу иштери менен алектенүүдө

13 Апрель 2019 жыл 6:26
Көрүүлөрдүн саны: 112

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жана Чон-Тогузбай айылында жашылдандыруу иштери болуп өттү. Бул жашылдандыруу ишин Чон-Тогузбай айылынын тургуну Керез Исмагулов өткөрдү.

Керез Исмагуловдун айтуусунда мени эч ким түрткү берген жок, өзүмдүн жаратылышка болгон мамилемден улам көчөттөрдү тигип жатам дейт. «Эстеликке жана ошондой эле Чон-Тогузбай айылындагы Фапка балатыларды үч жылдан бери тигип келе жатам куурагандарын алып, кайра жаныртып келе жатам Былтыркылыр өсүп калыптыр бул жакшы. Бугун дагы алып келдим эле аталардын арбактарына таазим этебиз деп эч кимдин түрткүсү жок эле озум отургузуп атам. Өзүм балатылар жагында иштейм, эстеликтин тегереги гүлдөп турсун деген оюм менен эле ушул жерге көп кишилер келип куран окуп бата кылышат деген озумдун жеке оюм мен жашылчаларды өстүргөндү жакшы көрөм баардык эле адамдар жашылдандыруу ишин жакшы көрөт болуш керек гүлдөп өсүп, таза турганды жакшы көрөм. Өзүмдүн тилегим эле Токой чарбасында иштегендиктен балатылардын түрлөрүн токойдон алып келип отургузам Фаптын жана эстеликтин көрктүү болсун деген ой менен ден соолугубуз чын болуп көңүл ачылып турсун деген максат» деп билдирди Керез Исмагулов

Тасма айылынын Карасаев айыл аймагынын Аскерге каттоо инспектору Гулназ Жумагулованын айтуусунда бул иш-чара абдан жакты анткени бул иш-чара чыныгы гана патриот адамдан болот деп ишенем. Анткени өзүнүн айылын өзүнүн жери учун күйүп жанган киши мындай иш-чараларды алып барат деп эсептейм. Бул иш-чараны Керез байкеден бир жыл мурун эле уккам. Бүгүнкү иш-чара жакшы өттү көп-көп балаты, ак кайындардын түрлөрүн жана арча, крымский ак кайындардын түрлөрүн алып келиптир. Биз ушул эстеликтин тегерегин жашылдандырууга дагы көмөктөшүп жана дагы күбө болдук Керез байкеге чоң рахмат дагы иштери өркүндөй берсин демекчимин деп билдирди

Чон-Тогузбай айылынын Фапынын медсестрасы Динара Торгоеванын билдирүүсүндө: «Жылда эле биздин айыл тургуну Керез Исмагулов алып келип берип турат. Алып келген балатылары жакшы өсүп жатат. Бул ФАП 2012-жылы салынган 2013-жылдан баштап көптөгөн аракеттерибизди жумшап атабыз. Гүл өстүрүдүк, балаты өстүрдүк. Азыр деле отургузуп атабыз. Розаларды отургузабыз. Жашылдандыруу иши мени абдан кубандырууда себеби, айлана -чөйрө таптаза болуп турса баарыдк өсүмдүктөр осуп турса дем алганыбызга да жакшы эмеспи. Бул иш абдан канаттандыраарлык» деп билдирди

Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы орто мектептин окуучусу Кайрат Женишбековдун билдирүүсүндө эстеликти тазалоо, жашылдандыруу биздин колубузда Мектепти эле тазалабастан биз эстеликти эстеп тазалап турушубуз керек. Бизди ата- бабаларыбыз эмне деген кыйынчылыктар менен ушул жерде тынч жашасын деп бизге ушул женишти алып келген. Ошол үчүн эстелик тургузулган. Биз бактылуубуз ушул жерди бизге сактап калган. Бүгүнкү жашылдандыруу иши жакшы денгээлде өттү. Окуучулардын баары жакшы катышышты баарыбыз биргеликте тазалап коюга аракеттерибизди жумшадык деп билдирди.
Даярдаган: Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова, Аяна Элеманова