"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Өзбекстандагы Менталдык олимпиадага Тасмалык окуучулар катышышты

22 Апрель 2019 жыл 8:38
Көрүүлөрдүн саны: 104

Ыссык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы орто мектептин эки окуучучу Ментальный Арифметика боюнча Өзбекстанга барып, 3-орундарды алып келишти.
<img

src=»http://tasma.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/12/2019/04/IMG-20190412-WA0057.jpg» alt=»» width=»720″ height=»619″ class=»alignnone size-full wp-image-2255″ />
Ментальный арфметиканы жетектеген 11-класстын окуучусу Асылзат Абдыбекованын айтуусунда: «Ментальный Арифметика боюнча бизден Өзбекстанга эки окуучубуз катышып келди.Эки окуучубуз буга чейинки олимпиадаларда көптөгөн мыкты-мыкты орундарга жетишип келишкен.Казакстандан Шаяхматова Нурайым экинчи орунду багындырып келген.Өзбекстанга тандоо турда облостык олимпиадада Шаяхматова Нурайым учунчу орунду алып Урматова Асема биринчи орунду алып Өзбекстанга барууга жолдомо алышкан.Өзбекстанга мыкты денгээлде даярданып эки окуучубуз тен үчүнчү орундарды алып, жакшы байгелерге жетишип келишти.Бул жениш биздин айылды жана район обласыбызга чейин кетти.Жеке эле мени эмес, окуучуларды мугалимдерди кубандырды» деп билдирди Асылзат Абдыбекова

Ментальный Арифметика боюнча Өзбекстанга барып келген окуучу Асема Урматованын айтуусунда: » Мен Караколдон биринчи орунду алгам, облостык олимпиадада.Мен Өзбекстандан үчүнчү орунду алдым.Мен баардыгы менен сыймыктанам алар мени мени менен сыймыктанышат» деп билдирди.

Даярдаган: Аяна Айбек кызы,Аяна Элеманова, Жибек Мелисова