"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында салынып жаткан 200 орундук маданият үйү үч айлык тыныгуудан кийин, жумушун улантууда.

24 Апрель 2019 жыл 3:44
Көрүүлөрдүн саны: 80

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында салынып баштаган маданият үйүнүн курулуш иши үч айлык тыныгуудан кийин кайра уланууда.Маданият үйү 2020-жылдары ишке берилерин да белгилешти.


Бул тууралуу Карасаев айыл аймагынын башчысы Курманбек Кайыков
маданият үйүнун проектиси 2014-жылы айылдык кенештин беш жылдык өнүгүү
программасына киргизилип проектин негизинде каржыланып,
2020-жылдын соңунда ишке берилерин айтат.
“Тасма айылындагы маданият үйү Өнүктүрүү Фондусунан курулуп жатат.
2016-жылы планга кирген. 200орундук маданият үйү 16 млн сомду утуп алган.
азыр каржыланганы 8 млн. чоң залынан башка жерлери жабылды. буюрса
2020-жылдын соңуна чейин ишке беребиз болүнгөн каражаттар жетиштүү.
2019-жылы 2,5 млн сому каралып жатат. Чоң залын жаап, андан соң ички жумуштарына киришет. 2020-жылга 5,5
млн сому каралып, ошол жылдын аягында ишке беребиз”дейт айыл башчысы.

Клубдун куруучусу Адилет Жумашевдин билдирүүсүндө:»Клубду март айынан бери салып жатабыз. Биз клубдун крышасын жаап жатабыз, биз кеткенден кийин шыбакчылар келип, ичи сыртын шыбайт, эшиктерин салышат. Салып бүтүшкөндөн кийин биз, паталогун полун жасаганы келебиз»деп билдирди куруучу.

Маданият үйүнүн ишке берилүүсүн чыдамсыздык менен күткөн музыкалык мектептин окуучусу,Ошол эле айылдын таланттуу кызарынын бири Бурул Кадырованын
айтымында айыл маданият үйүнө муктаж экендигин айтат.
“ Мен учурда музыкалык мектепте окуп жатамын. Эгерде клуб салынып калса
биз үчүн жакшы болмок. Себеби, биз дагы өзүбүздүн таланттыбызды өз
элибизге тартуулагыбыз келет. Ошондой эле музыкага жакын инилерибизди,
сиңдилерибизди чогу үйрөтүүгө жакшы болмок. Ошол себептен клуб болсо,
жаркыраган залда өзүбүздүн концертибизди берсек деген кыялдарыбыз бар.
Буюрса клуб бүтсө бул кыялыбыз ишке ашат деген үмүттөбүз жана клубтун
аяктоосун чыдамсыздык менен күтөбүз” дейт.
Даярдаган: Жибек Мелисова, Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова