"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке тепкич жасап берүүдө

26 Апрель 2019 жыл 11:06
Көрүүлөрдүн саны: 138

Ысык-Көл областынын Туп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы орто мектептин 20 жыл мурун бүткөн окуучулары,мектептин алдына тепкич салышууда.

Аталган мектептин директору Алик Мамытовдун айтуусунда » 20 жылдыктар келип биздин мектепти көрүштү мектептин астындагы аянтчаны асфальтап берсекпи же дөң жакты көздөй чыга турчу жолго тепкич жасасакпы деген ойдо болуп кетишкен.Өзүлөрү чечишиптир.Бул мектептин өзүнчө көйгөйү болуп келе жаткан.Кыш мезгилинде кадимкидей муз болуп,окуучу балдар айрым убактарда жыгылып жатышкан.20 жылдыктардын мектепке кошуп аткан салымына баардыгыбыз кубанычтабыз.Себеби, ушул жерде ушул мектепти бүтүп кетишкен балдар баардыгын өзүлөрүнүн моюндарына алышып татынакай кылып жасап атышат.Бул биздин келечегибиз 20 жылдыктардын иштеп атканын көрүп биздин окуучулар да башкача бир сезимдер пайда болду да.Мен 20 жылдыктарга айтмакчымын иштеринде ийгилик болсун, үй-бүлөлөрүндө бакыт болсун.Ушундай ойдогу айыл үчүн өсүп келе жаткан муундар дагы көп у болушун кааламакмын» деп билдирди

Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы орто мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири, айыл тургуну Эрмек Токталиевдин айтуусунда » Бул тепкичти жасоого быйыл 20 жылдыгыбыз болчу. «Эмне кылып берсек?» деп ушуну туура көрдүк. Кышкысын балдар зыян тартып жатышат ошого байланыштуу ушул жерди жасап берсекпи деп суйлошуп ушул жерди жасап атабыз.Бул жерде иштеген мугалимдер ушул жерден түшкөндөн кыйналып атабыз деп ошону угуп алып ушул жерди ылайык кордук жасап бергенге»деп билдирди Эрмек Токталиев

Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова, Жибек Мелисова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы