"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Өмүрү өрнөк агайга 85 жыл»Асан Сопиев агайды эскерүү кечеси болду

7 Май 2019 жыл 5:11
Көрүүлөрдүн саны: 124

Ысык-Көл областынын Туп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы орто мектепте эмгек сиңирген мугалим Асан Сопиев агайдын 5- май туулган күнүнө карата эскерүү кечеси болду. Анда, 3-класстын окуучулары Асан Сопиев дин өмүрүнө, эмгектерине токтолуп, ачык тарбиялык саат өтүштү. Ошондой эле Асан Сопиев агай менен чогу иштешкен ардагер мугалимдер да келип, агайды эскерүүгө катышышты.


Башталгыч класстын мугалими Элзат Эсенгелдиеванын айтуусунда мектепке кошкон салымы зор экендигин айтат.»Биз көптөн бери ойлоп жүргөнбүз мурда биринчи, экинчи класста кичинээрек болду балдарым.Үчүнчү класста жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окуучуларды даярдадым.Сопиев Асан агайды өмүрү өрнөк чыгармачыл ушул мектепке кошкон салымы зор ошол убакта иштеп жүргөндө аябай талыкпаган жигердүү психолог мугалимдерге, балдарга кандай мамиле кылышты билген, иштин көзүн билген улуу атактуу мугалим болгон.Ушул жөнүндө көп маалымат ала алышты дейм. Ошону калтырып салбастан турмушта колдоно алышат деп ойлойм, көптөгөн маалыматтарды, тарбияларды алышты деп ойлойм.Ар кайсы китептерден алдым агай жөнүндө музейден интернеттен ушулар аркылуу даярдандык»деп билдирди Элзат Эсенгелдиева

Атлган класстын ата-энелеринин Гулмира Ногоева тарбиялык саат жакшы деңгээлде өткөндүгүн айтат. «бугун 3-класс тарбиялык саат отүштү.Абан жакшы денгээлде өттү.Агайдын өмүр жолу кылган иштери баардык окуучуларга таасир берди деп ойлойм, жакшы таалим тарбия алышты деп ойлойм.Себеби, агайдын өмүр жолу айтылды, кылган жакшы иштери айтылды ошонун бардык нерсеси таасирдуу болду.Сопиев агайдын мен билбеген дагы өмүр жолунда жасаган иштери кулк мүнөзү ошонун баардык нерсеси чагылдырылды.Окуучуларга сабак болду»деп билдирет Гүлмира Ногоева.

Асан Сопиевди эскерүүгө окуучулар абдан жакшы даярданышыптыр тарбиялык сааты ушунчалык жогорку денгээлде өттү.
Мен эмгек жолумду ушул мектептен 1971-жылы баштагам 33-жыл бою ушу мектепте иштегем.Агай 1972-жылы ушул мектепке директор болуп кирди. Ушунчалык эмгекке, тактыкка басым жасаган киши эле, ошол агай менен иштешип журдум 1977-1978-окуу жылында бир жыл окуу тарбиячыны жетектедим.Агайдын мезгилинде 1985-окуу жылынан баштап 1995- окуу жылын бүтүргөнчө окуу тарбиясын жетектедим.Агайды айтып отурсак эмгеги ушнчалык көп.Мурун бул мектептер курула электе 3-корпустуу мектебибиз бар эле эски мектеп азыр экөө турат бирөө жок ошол мектепте иштечүбүз ошол мектепте биринчи кабинеттин системасын ошол райондо областа биринчи кабинеттин системага көчүп окууну ушул агай киргизген.Бардык мугалимдерге ар-бирине кабинет жасатып ар-бир предмет боюнча кабинет жасап ошол кабинеттерге көчүп окуучубуз. Ошол мезгилде бүткүл Республикадан да мугалимдер келип көрүп кетишчү. 5-жыл катары менен райондо алдынкы мектеп болуп жана өтмө кызыл тууну женип алганбыз. Ошол өтмө кызыл туу азыр дагы директордун кабинеттинде сакталып турат.Агай ушунчалык талапты коё билген киши эле мен окуу тарбиясын жетектеген кезде күндө аткара турган иштерибизди организатор экөөбүз жазып алып киребиз директор болуп күнү бою иштечүбүз.Мугалимдер сабакка даярданып анан көрсөтмө курал жасашат саат 5:00 го чейин карточка жасайт кечинде саат 5:00 до жумуштан чыгаарда планга кол коём жана жасаган корточкасынын артына да колкойчубуз. Себеби, бүгүн күнү эртен алып келип көрсөтпөгөндөй. Жасаган көрсөтмө куралынын четине да мөөр басып коёр элек да ушундай талап менен иштегенбиз.
Мен өзүмө агайдан эмгекчилдик сапатты өзүмө алдым жана тактыкты алдым анан ишке берилүү менен ишти аткарганга ушул жактарын кабыл алдым. Жакшы окуган окуучуларды абдан жакшы караар эле.Ардак тактаны бат баттан өзгөртүп тураар эле азыр болсо бир жылга өзгөрбөй туруп атат. Биз болсо бат-баттан өзгөртүп тураар элек.Окуунун отличниктерине ушундай бир аларды даагы жакшылап окуганга умтултканга аракет кылчуу.Кичинекей нерсе болсо да ары көздөй өнүккөнгө түрткү берчү. Мисалы, биздин мектептен атактуу адамдар чыккан» деп билдирди.
Асан Сопиев орто мектебинин директору Мамытов Алик мындай деп билдирди.
Биздин мектебиздин атын алып жүргөн Асан Сопиевди эскерүү ирээтинде ачык тарбиялык саат өткөзүлдү. Эсенгелдиева Элзат эжейдин жетекчилиги менен абдан жакшы денгээлде өткөзүлдү деп эсептейбиз. Чакырылган коноктор да абдан ыраазычылыгын айтышты.
Асан Сопиев агай жөнүндө көп нерсе айтууга болот. Эгер агай тирүү болгондо 5-майда 85-жашка толмок экен.Бул агайдын эмгектери абдан көп карап көрсөк агай өстүрүп чыккан мугалимдерден эле он бештей мугалим башка мектептерге директор болуп өсүп чыккан экен.Бул он беш директорду даярдаш, канча жылдар бою өтмө кызыл тууну женип алганы, биринчи орундарды алып жүргөндүгү эң эле кийинки урпактарга таштап кеткен эмгеги бул түптүү 624-орундуу мектепти салдырып коюшу, айта берсек абдан көп агайдын эмгеги зор.
Бизде атайы пландалган жыл башынан бээри коюлган.Эсенгелдиева Элзатка коюлган 3-класстын жетекчиси абдан жакшы денгээлде өткөзүлдү» депп билдирди мектеп директору.
Даярдагандар: Аяна Элеманова, Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы