"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Карасаев айыл аймагында насыялык жарманке болуп өттү

19 Май 2019 жыл 20:44
Көрүүлөрдүн саны: 90

Ысык Көл областынын Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагынын эки айылында үй эмеректеринин жана уюлдук телефондордун жарманкеси болуп өттү. Аталган жарманке Дос-Кредо банкы аркылуу элге насыя ирээтинде берилди.

Жарманке 18-май күнү Тасма айылында, 19-май күнү Токтоян айылында болуп өттү.

Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гүлмира Ногоеванын айтуусунда айыл тургундары өз мүмкүнчүлүгүнө жараша алып жатышат деп билдирет
«Кечөө Тасма айылында, бүгүн Токтоян айылында ярмарка өттү.Дос-Кредо банк келип, ар кандай элге муктаж болгон мебелдерди, бытовой техникаларды алып келип элдерге кредит катары берилип атат.Баардык элдер алып атат.Мебелге муктаж болсо, бытавой техникага муктаж болсо баардыгы кредитке алып атышат.Адамдардын талаптары көп эле болгон үчүн алып атышатко деп ойлойм.Ар бир адамдын өзүнүн жеке мүмкүнчүлүгүнө карата алат болуш керек. Мүмкүнчүлүгү болгон үчүн алып атышат.Бул келген мебелдер бытовой техникалар процентке берилип атканы менен, бирок,бары бир өтө кымбат эмес,элдерге ылайык баалар менен сатылып атат. Ошон үчүн элдер алып атат»деп билдирди Гүлмира Ногоева.


Токтоян айылынын тургуну Асел Мукамбетованын билдирүүсүндө «Кредитный ярмарка болуп атат. Элдерге менин оюмча жардамы жакшы эле болуш керек, биз шаарга Түп районуна барганга ар кандай мүмкүнчүлүгүбүз жетишпейт.Бул жакта келгенде доставкасы баардыгы ичинде болуп адамдарга арзаныраак түшүп атат. Мен өзүм телефон алып атам.Менин оюмча ярмарка ортодон жогору десем болот.Бизде көп түтүн бар.Он миңдик телефондукун он эки айга төлөйт экенбиз тогуз жүз сомдон»деп айтып өттү айыл тургуну.

Сатуучу Талант Бейшебаевдин айтуусунда
«Буз ушу Дос-Креда банкы аркылуу элдерге, айылдарга келип ярмарка өткөзүп жатабыз. Биз өзүбүздүн товарларыбызды сунуштап бир жылдык мөөнөткө расрочкага товарларды беребиз. Бул экинчи айыл.Тасма айылына барганбыз аяктын элдери жакшы экен жакшы соода болду.Бүгүнкү күндө Токтоян айылында ишибизди жүргүзүп атабыз. Бул жактын эли да мындай меймандос, жакшы адамдар экен.Жакшы соода болуп атат.Тасма айылында соода салыштырмалуу жакшы болду 28 уюлдук телефон сатылды буюрса жакшы.Баардык буюмдарга эле кызыгып атышат. Уюлдук телефондор бытовой техника, үй тиричилик техникасы, мебель.Үй тиричилик буюмдарынан менин байбайкашым боюнча кир жуугуч машинага, холодильник анан пылесос үйдө тиричиликке айымдарга керектүү буюмдардын баары эле жакшы өтөт экен» деп билдирди Талант Бейшенбаев.
Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова.
Редактор: Нуржанат Советбек кызы