"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Боорукер бол»фонду иш алып барганына бир жыл болду

20 Май 2019 жыл 13:01
Көрүүлөрдүн саны: 152

Ысык-Көл областынын Карасаев айыл өкмөтүнө караштуу Токтоян айылында «Боорукер бол» кайрымдуулук фонду ачылып, иш-чараларды алып барып жаткандыгына бир жылдын жүзү болду. Аталган фонду Токтоян айылынын тургуну Тыныбек Золдонов жетектеп келет.


Кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Золдонов өзүмдүн оорумдан кийин фонд ачууну ойлондум дейт :» «Бооркер бол» кайрымдуулук фондуна мына бүгүн бир жыл болду. Бул фонду ачууга себебчи болгон өзүм болдум. Эки жыл мурун көз оорусуна кабылып калдым, андан мурун өз каражатым менен чет өлкөгө операцияга барып жүргөм. Кийинки кезде абдан күчтүү операцияга дуушар болдум. Ошондон кийин кайрымдуулук фондордон суроого туура келди. Кайрымдуулук фондордон жардам алгандан кийин «Эмне үчүн өзүм кайрымдуулук фондун ача албайм» деген ой келип, азыр ошол фонду ачып максатыма жетип отурам. Фондун атын «Боорукер бол!» деп элдерди боорукерлике үндөп отурабыз. «Боорукер бол» фондунун бир жылдын убактысында эң биринчи жетим балдарга, айына эки миң сомдон пособия алып турууга жетиштик жана кышында инвалид балдарга көп балалуу үй- бүлөлөргө кийим-кечек, мектеп жашындагы балдарга. Ал эми аз камсыз үй- бүлөлүлөргө жылуу жууркан, эки жүздөй үй бүлөгө жардам бердик. Андан тышкары кийим, тамак-аш байма бай эле жардам берип турабыз. Алдыга койгон пландарыбыз медицина, социалдык объектилерди коргоо, туризм, ички жолдор, суу негизи бул проеттерден биз 18 кабыл алып атабыз, анын ичинде сегиз бала бакча бар.»деп билдирди.

Токтаян айылынын тургуну, Хамит Тыналинов айтымында фондун жетекчиси менен чогу иштерди алып барып, башында кыйынчылыктар болгонун билдирет.» Тыныбек өзү көзүнүн азиздигине карабай, боорукер болууну эңсеп, өз башында болгон мүшкүлдүктү көрүп түшүнүп, элдин арасында жакшы иштерди жасасак » Боорукер бол»- деген фонд түзсөк болобу деп сунуштаган.»Боорукер бол» деген сөз Аллахтын өкүмү,адам болгондон кийин акыл берген боорукер болсун деп. Ошол себептен» Боорукер бол»- деген Аллахтын өкүмү боюнча коюлсун деп кенеш бергем. Ошентип, аракеттенип жүрүп башында далай жерлерге урундук, кантип боорукерлик кылып кандай жардам көрсөтөбүз деген суроолор туулду.Көп жерлерге бардык,Тыныбектин дилгирдигинен таптык.Катуу мээнет менен табылып отуруп, ушундай бир жакшы жетишкендиктерге жетишип калдык.Бул фонд жакшы жүрүп отурса коомдук прогрессге айланып, дүйнөлүк прогрессге айланышы мүмкүн биздин келечек кенен, терең жана зор.Өнүктүрүш үчүн бизге өнөктөш боло турган, жакшы чөйрөлөрдү таап жардам бере турган адамдарды таап ошолор менен иш аркетте болушубузду каалар элек. Ошол үчүн мен өнөктөштүкө чакырат элем» — деп билдирди.

Тасма айлыны тургуну Гулназ Жумагулованын бул фондун көптөн бери жакшы иштерди алып барып, жетишпеген үй-бүлөлөргө аз да болсо жардам берип жүргөнүн билем дейт.» «Боорукер бол» фондун 1 жылдан бери билем. Тыныбек аба менен проект аркылуу таанышып калганбыз.Андан кийин Тыныбек аба Катар мамлекетинин кайрымдуулук фондулары менен чогу иштешип аткан.Үч айылдан 200 үй- бүлөгө жардам берип, пллет берип аткан, справкаларына жардам бердим. Бул аба көп иш- чарадарды өткөрүп жүрөт, пилеттен тышкары, дагы муктаж адамдарды 50 пилет келе жатыптыр алар жакынкы арада берилет деп мындан арыда иштерине ийгиликтерди, 200 да дан сырткары 60 жарым жетип балдарга кийим кече таратышты. Жакында Рамазан айында ооз ачтырабыз дешти булардын эмгектери абдан чоң. Келечекте бул фонд менен спонсор боло турган,иштеше турган адамдардын көп болуусун каалайт элем» — деп билдирди.
Даярдагандар: Гүлзар Курманбекова, Аяна Элеманова
Редактор:Нуржанат Советбек кызы