"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Сары-Булуң айылында кайрымдуулук концерти болуп өттү.

23 Май 2019 жыл 0:50
Көрүүлөрдүн саны: 108

Туп районуна караштуу Сары-Булуң айылында Шаршенкул Тагаев атындагы орто мектебинде кайрымдуулук концерти болуп өттү. Концерттин негизги максаты Операцияга муктаж,майып адамдага кайрымдуулук көрсөтүү экендигин билдиришти.</em


Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан  Талгат Атабаев кайрымдуулук концертин жетектеп келген. Анын билдирүүсүндө Тоңдогу беш жаштагы Нурислам деген инибизге жардам берүү максатында келдик деп билдирди.
«Биздин концертибиздин максаты: Операцияга муктаж, кыйналган үй-бүлөлөрдүн балдарына ошол жардам берип жүрөбүз. Биз 2016-жылдан бери ушундай бир кайрымдуулук иштер менен иштейбиз. Биз Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан келдик. Биз өзүбүз Бишкекте турабыз. Ушул Тоңдогу Нурислам деген кичинекей 5 жаштагы инибизге жардам берүү максатында, биз деген
бүгүнкү күндө эле эмес. Биз деген былтыртан бери жардам берип келе жатабыз. Былтыр Каракол шаарынын борборунда драм театрда чон чоң концерт менен биргеликте ушул балага жардам берүү максатында чон концерт өткөргөнбүз. Андан тышкары ушул Караколдо муниципиалдык жүргүнчүлөрдү ташуу жана автобазасынын директору Марс Ажыбеков деген дагы байкебиз 100 $ дык жардам берди»

Концерт кызыктуу отуп жатат деп концертке катышкан 5-класстын окуучусу  Айсезим Исабаева билдирет .
«Концерт мага жагып жатат. Окуучулар көңүлдүү, шаңдуу жүрүшөт. Концерт кызыктуу өтүп жатат .

Ушул эле мектептин мугалими Шайыркуль  Шорукова өзүлөрү эле койбостон окуучулар менен бирдикте өткөрүштү. Концерт көңүлдүү өтүүдө деп белгилейт.

«Концерт жакты, балдардын көңүлү ачылды балдар менен жакшы маектешүү болду. Балдарга күлкүлүү балдар менен чогу бирдикте болду. Өзүлөрү эле концерт койбостон, балдардын таланттын жөндөмүн көрсөтө алышты»

Даярдагандар: Куван Иманалиев,Эркеайым Асаналиева ,  Айгерим Мурзабекова
Редактор: Нуржанат Советбек кызы