"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада көпчүлүк айыл тургундары орозо кармашты

5 Июнь 2019 жыл 22:10
Көрүүлөрдүн саны: 79

Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургундарынын көбү Орозо тутушту.Ошондой эле өзүлөрү ниет кылып кармап жатышкандарын,орозо жакшы нерселерди алып келээрин жана ошондой эле тилектердин баардыгы кабыл болоорун айыл тургундары билдирет.

Тасма айылынын Фапта мурун иштеп кеткен дарыгери Кызылкүл Ишенбиеванын айтуусунда «Орозо кармаганда адамдар ооруга чалдыгышы мүмкүн эмес.Орозонун касиети чоң.Эгерде,хранический оорулар болсо анда мындай ооруга боло берет.Себеби,орозонун касиети менен адамдар кайра айыгат. Давления жүрөк оорусу менен ооруган адамдар орозо кармаганга болбойт.Себеби,жүрөк оору менен давления оорусунукун бат баттан даары ичип туруш керек ансыз болбойт.Биздин аба ырайы туруштук бербейт давления жүрөк ооруларга.
Быйыл адамдардын көбү орозо кармады бул абдан жакшы өзүм да суктандым бирок мен өзүм орозо кармаган жокмун беспартини кезинде иштеп калып өзүм орозо кармап көргөн жокмун.Быйыл көп киши кармады мен аябай ыраазы болдум»-деп билдирди Кызылкүл Ишенбиева

Тасма айылындагы айыл имамы Рысбек Абдиевдин билдирүүсүндө «Орозо бул ден-соолукка көп пайдасы бар.Ички организмди тазалап чыгат ушундай организмге көп пайдасы бар.Орозо бул парз кудайдын өкүмүн аткаруу үчүн коюлган.Орозо менен көп күнөөлөр жуулат.Балакатка толгондон баштап баары эле орозо кармаса болот.Ооруган ден соолугу начарлар кармаганга болбойт»-деп айтып өттү айыл имамы

Тасма айылынын тургуну Гүлиза Сакбаеванын айтуусунда «Мен беш жылдан бери орозо кармайм.Он беш жашымдан баштап кармагам андан кийин турмушка чыгып кармабай жүрүп эки жылдан бери кармап атам.
Мен орозону өзүм ниет кылып кармадым орозо кармаган абдан жакшы.Адам өзүн жеңил сезет.Өзү даарат алып гусул менен кармаса орозо үй бүлөгө элине жакшы нерселерди алып келет деп ойлойм. Орозо кармаганда тилектердин баардыгы кабыл болот.Орозо кармагандын сооптору милдеттери абдан чоң»-деп айтып өттү айыл тургуну Гүлиза Сакбаева
Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова