"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

«Боорукер бол» кайрымдуулук фонду муктаж тургундарга жардам беришти

15 Июнь 2019 жыл 12:48
Көрүүлөрдүн саны: 170

Карасаев айыл аймагындагы үч айылда кайрымдуулук фонду көптөгөн муктаж болгон адамдарга жардам берди.Буга чейин дагы көптөгөн адамдарга жардам берип жүргөн жана дагы жардам берип келет.Бул фонд өзүлөрүнүн чакан айылына майып жардамга муктаж болгон адамдарга жардам кылууга ниетте уюштурулган.


Токтоян айылынын «Боорукер бол» Кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундуновдун айтуусунда «Боорукер бол» кайрымдуулук фондуна бир жыл болду.Кайрымдуулук Аллах Тааланын буйругу муктаж болгон үй- бүлөлөргө жетим жесирлерге, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берүү Кудай талаанын буйругу ошол буйрукту аткарып жатабыз.Элдерге ар кандай кийим кече, жылуу жууркан кайрымдуулукка эмнелер кирсе ошолорду берип атабыз.Кайрымдуулук деген төрт критерий менен каралат майып адамдарга инвалиттердин баардык түрү көп балалуу ошондой эле жетим балдар боюнча үч жүз алтымыш балага жардам берилет.Андан тышкары жылуу жууркан менен камсыз кылып атабыз.Биз менен чого иштеген фондун кызматкерлери бар ондон ашык ошолор менен чого иш алып барабыз.

Токтоян айылынын «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун мүчөсү Хамит Тыналиев төмөнкүдөй билдирди
«Уюштуруучу кыйын болот экен. Уюштуруу ичинде талбай барабыз деген жагына барып жетебиз деген жагына жетип, сүйлөшүп ар кандай көйгөлдөрдүн ичине кирип аралашып ошол элдердин сөздөрүн угуп ,ошол чындыгында ошол көйгөй көйгөйбү чындыгында элге керекпи ошонун баарын өз көзүнчө барып чакырган жерлерине барып областынын аймактарын бүт кыдырып ,өзүнүн акыбалдарын угуп, анан аларды кошумча документи материалдарга даярдап барып түшүнгөндөн кийин анан демөөрчүлөргө алардын материалдарды жөнөтүп ошол боюнча көп пландык иштерди моюнуна алган болчу. Мына ошол иштерди аткарып сегиз бала бакча жети фап таза сууга түтүк элдин проблемалары» деп билдирди


Тогузбай айылынын тургуну «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунан жардам алган Кызжибек Молдакматованын айтуусунда «Бизге бул «Боорукер бол» кайрымдуулук фондусу балдарынан ажыраган жана жакыр жашагандарга коп жардам берди десек болот мен «Боорукер бол»фондуна терен ыраазычылык билдирем жеке эле бул фонду эмес колунда бар адамдар да колунда жоктор дагы дайыма журогундо ыйман болсо ошондо баарытен жакшы жашоого жетишет деп ойлойм жана мен Кыргызстандыктарга каалап кетерим эч убакта балдар ата-энесинен ажырабашын каалар элем. Мен бул жардам бергенине аябай кыбанычтамын ото чон жардам болду деп эсептейм. Бугунку иш чара Тасма, Тогузбай, Токтоян айылында жашагандар учун чон жетишкендиктер болду .

Даярдаган: Аяна Элеманова, Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова