"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Алдаберди уруусу тилөө өткөрдү

18 Июнь 2019 жыл 4:19
Көрүүлөрдүн саны: 194

Тилөө жыл сайын уруулар арасында Кудайга жалынып, бата берип, жакшы маанайда өткөрүлөөрүн айыл ак сакалдары билдиришет.


Тасма айылынын тургуну Жибек Сулайманованын айтуусунда «Тасма айылында Алдаберди уурусунун тилөөсү болду.Кудайга жалынып, эл журт, ага-туугандар менен анын ичинен беш түтүн берип атабыз.Эл журтта тынччылык , барчылыкты тилеп келген конокторду коноктоп атабыз.Тилөө- деген бул Кудайга жалынуу, Кудайдан сурануу, эли- журтка тынччылыкты, токчулукту, барчылыкты, ынтымакты, ыйманды берсин»деп айтып өттү айыл тургуну

Мен калхоздо иштеп келеткан байбичемин жашым сексенге келди.Илгери жакшы иштеп,көп жумуш иштеп эми азыр каарып карылыктын үстундө жыргап отурабыз азыр пенсиядагы байбичемин «Бугун эл журттун маанайы жакшы мына бугун күн да жакшы тийип кудайдан бата тилеп жер сутает болуп жаан тилеп элдин өмүр бактысын тилеп жакшы маанайда отурабыз.Элге бала бакырага бата берип отурабыз элден айланайын «бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт»деген сөз илгертен калган.Бүгүнкү түлө жакшынакай маанайда жакшы тилектер менен жакшы кеп жакшы сөз менен отурабыз.Мал союп кудайдан тиленип бүгүнкү түлөнү өткөруп атабыз.Бул илгертен калган салт түлө кылат күн жаабай койсо эгин жакшы чыкпай койсо бүт эл журт түлө кылчу.Айланайын кудай эгиндерди өстүруп бер чөп чарды өстүрүп бер баардыгына ден соолук бер деп эл илгертен кудайга жалынчу ошо жалынып отурабыз түлө берип.Түлө деген кабыл болот элдин тилегин берет кайсы убакта болсо күн жаап берет»деп билдирди айыл тургуну

Сатымбүбү эненин айтуусунда»Мен 96 жаштамын Бүгүнкү түлө абдан жакшы маанайда өттү элдер ыраазы түлөнүн максаты элди биримдикке ынтымакка чакыруу.Бул илгертен келе жаткан салт ушул каада салттын негизинде ушундай түлө өтүп жатат элдер батасын берип кудайдан тилек тилеп ошол тилектери кабыл болсун деп ушундай түлө өтүөрүлөт»деп билдирет Сатымбүбү эне

Даярдагандар: Жумагулова Гулназ, Фатима Эсенканова, Аяна Айбек кызы