"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада жаштар ынтымагын бекемдөө максатында кичи футбол мелдеши өттү

16 Июль 2019 жыл 3:22
Көрүүлөрдүн саны: 84

Ыссык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында 1994-жылкылар Тасма айылынын жаштар арасында ынтымакты бекемдөө максатында жана жаштарды спортко үндөө үчүн футбол боюнча турнир өткөрүштү.


Тасма айылынын тургуну жана 1994-жылкы уюштуручулардын бири Намысбек Бейшемби уулунун айтуусунда «Бул турнирди Тасма айылынын жаштары ынтымакка келиш үчүн 1994-жылкылардын атынан ушул турнирди өткөрүп жатабыз, буюрса бул оюнду жыл сайын өткөрүп турганга аракет кылабыз. Командалар буюрса жакшы көп тогуз команда бар. Азыр тогуз команда ойноп жатабыз. Жаштарды спортко үндөө үчүн абдан жакшы өбөлгө болду.Конкурс жакшы жана күчтүү деңгээлде өтүп жатат. балдар чет жакта болчу, алар да келди жакшы оюн жүрүп атат»деп билдирет Намысбек Бейшемби уулу

Тасма айылынын тургуну жана өтүп жаткан турнирдин катышуучусу Нурбек Кубан уулунун айтуусунда «Бул турнирдин уюштурулганына кубанычтамын. Тасма айлынын 1994-жылкы төрөлгөн балдарга ыраазычылык билдиребиз. Ушундай турнир өткөрүп атканына жаштарды спортко үндөө максатында.Атаандаштар командалар баары күчтүү экен
, күчтүү даярданышыптыр.Биз дагы күндө кечинде даярданып атканбыз. Баары бирдей жакшы деңгээлде өтүп атат.Балдар бизге айтышкан жакын арада ушундай турнир болот деп.Күндө биз газондо өзүбүз ойноп даярданып атканбыз «деп билдирет Нурбек Кубан уулу

Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы мектебинин 5-классынын окуучусу жана футболдун көрөрманы Нурсултан Жоламановдун билдирүүсүндө «Бул футбол оюну жогорку деңгээлде өтүп жатат десем жаңылышпайм.Анткени,футболдун катышучулары да жакшы деңгээлде катышып, өзүлөрүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүшүүдө.Бул футболдун катышуучуларын жана уюштуруучуларды көрүп үлгү алат деп ойлойм»деп билдирди Нурсултан Жоламанов
Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова, Жибек Мелисова