"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында балдар бакчасы оңдолууда

3 Август 2019 жыл 2:33
Көрүүлөрдүн саны: 195

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында балдар бакчасы үчүн эски имарат жаңыланып, заманбап оңдоодон өтүп жатат. Бала бакча ушул жылдын сентябрь айында ишке кирет.


Аталган айылда бул убакка чейин «Ананай» балдар бакчасы мектепте түшкө чейинки убакытка чейин
иштеп келген. Жаңыланган имаратта балдар ушул жылдын сентябрь айынан тарта 8:00дон 17:00го чейин мектепке чейинки билим алышат.

Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков Жазыбаевичтин айтуусунда»Азыр президентибиз пример-министр дагы талап коюп атат 2022-жылга чейин ушу балдарыбыз бала-бакчага кирип анан бала-бакча аркылуу мектепке барсын деген талаптар коюлуп атат.Муну мен толук колдойм себеби, ушу балдарыбыз бала-бакчага тарбияланып аң сезими мектепке даяр болуп барат. Карасаев айыл аймагында үч айыл бар Тасма айылында эки жылдан бери дем берүүчү грант менен айыл өкмөттүн өзүнүн жоопкерчилигин алып праектилер менен иштеп атабыз.Муну 2017-жылы баштаганбыз Мин финден дем берүүчү грант аркылуу үч миллион сом, айыл өкмөттүн бюджетинен төрт жүз элүү миң сом каражат бөлүп бергенбиз.Бала-бакчанын сырты полдору, атаплениясынын баары жасалган.Ал эми быйыл болсо праект жазып азыр аяктоонун астында турабыз.Баардык бала-бакчага ылайык шарттардын баары сметада камтылган.Бул жерде үч группа ысык суусу муздак суусу ичинде ажатканасы дагы балдардыкы кыздардыкы өзүнчө болот, уктоо классы болот, ойноо классы болот, билим алуу классы болот стандартка ылайык жасалып атат.Бул иштердин баардыгы балдарыбызды келечек муунга өзүбуздүн шарттарда жасаганга аракет кылып атабыз.Бул жерде ата-энелердин дагы демилгеси жогору болуш керек.Биз жыйын кылганда дагы ата-энелерге да ткшүндүрдүк демилге ата-энелерде болуп туруш керек ата-энелер бир балага күнүгө он сегиз сомдон акча каражатын берет калганынын баарын жергиликтүү бийликтен карызга алынат.Ошондо тамак-ашы үч маал берилет.Балдардын санына карата штаттык бирдикте билим берүү министри аркылуу кадимкидей 10дон ашуун штаттык бирдик болот.Тургундарыбыз жумуш менен камсыз болот.Башка айылдар боюнча Токтоян айылында жаңы мектеп курулса эски мектепти бала-бакча кылууга бизде план бар.Тогузбай айылы боюнча дагы биз праектилер менен иштеп атабыз.Мектептердин баардыгы капиталдык ремонттон өтүп атат жаңы бала-бакча курууга дагы 2020-жылдарга план бар.Бала-бакча курууда биз айыл өкмөттөн дем берүүчү гранттан үч миллиондун тегерегинде каражат берип атабыз.Өздүк салып төрт жүз элүү миң бул айыл өкмөтүнөн сөзсүз түрдө каржыланыш керек Праектилерде жазуу бир гана айыл өкмөтүнүн адистери аркылуу жазылып жатат.Биз бул бала-бакчаны тендерге бергенбиз тендерди «ОссО» утуп алган ошол ишкана иштеп атат»деп айтып өттү Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков Жазыбаевич

Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы орто билим берүү мектебинин деректору Алик Мамытовдун билдирүүсүндө «Бала-бакча 2017-жылы долбоор менен башталган ал долбоордо бала-бакчанын 60%ти толук жаңыланып жасалган үстүндөгү паталоктору дагы алмаштырылган чатыры 100 пайыз мурункусу алынып кайрадан жасалган ичиндеги электричествасы жаңыланган.Быйыл кайрадан долбоор жазылып азыр бала-бакчанын терзелери толугу менен алмашылмакчы эшиктери алмашылмакчы. Мурунку долбоордо ички атаплениясынын баары жасалган жаңы долбоордо бала-бакчанын сырты толугу менен жасалып бүтмөкчү мындан сырткары бала-бакчада брусчатка жүз квадратный жерге брусчатка жана сырткы атаплениясы жасалмакчы.Быйылкы жылы сентябрда план боюнча бала-бакча ишке берилмекчи.Бизде азыр үч сааттык мектепке чейинки балдар бакчасы иштеп келген бул дагы долбоор менен бүткөн.Кичинекей балдары бар адамдар иштей албай атышкандар балдарын бала-бакчага берип койсо иштегенге жакшы болмок»деп билдирет Алик Мамытов

Тасма айылынын тургуну медик болуп кырк жыл иштеп пенсияга чыккан балдардын умай энеси Кызылкүл Ишенбиеванын айтуусунда»Айылдарга курулуп жаткан курулуштарга көз карашым чоң мен ушул жетимиштен ашып алып барып текшерип турам.Мисал үчүн клубубуз жакшы болуп атат быйыл бүтө албайтко финансы жагынан начар болуп атат.Ал эми бала-бакча болсо аябай жакшы кудай буюрса сентябрда ачып калабыз деген ой бар мен атайын айыл өкмөт менен биригип мен ошолор менен иш кылып атам агитация баарын жүргүзүп ата-энелерге дагы.Балдардын келечеги бала-бакчадан башталат балдар ошол жерден тарбиясы кругазору өсөт.Саат 08:00дон баштап кечки саат 17:00го чейин ошол жерде эмне деген жакшылыктарды көрүп, тарбияны көрүп, билимди окууну көрөт.Үйдө болсо анча эмес ата-энелердики үч төрт маал тамагы берилет андан кийин балдар ойноп кетет.Уйдөгу бала менен бала-бакчадагы баланын өзгөрүүсү өтө чоң болот.Айылдагы курулуштар элге аябай жакшылык.Мисал үчүн айылыбызда клуб курулуп атат, бала-бакча оңдолуп атат,чоң магазин ачылды бул деген айылыбызга эң чоң жаңылык.Ушул курулуштарды куруп жаткан каржылап жаткандарга кааларым өмүрлөрү узун болсун, ден-соолукта болушсун,үй-бүлөлөрү менен ынтымакта болсун, элибизге ушундай жакшылыктарды алып келип турушсун»деп айтып өттү айыл тургуну Кызылкүл Ишенбиева

Даярдагандар:Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова