"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Ысык-Көл облусунда 200 кой курмандыкка чалынып, аз камсыз болгон 800 үй-бүлөгө таратылды

11 Август 2019 жыл 12:26
Көрүүлөрдүн саны: 57

11-август Курман айтка карата, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 200 кой курмандыкка чалынды. 800 үй бүлөгө 4 тонна этти Ысык-Көлдүн Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Каракол жана Түп жерлерине, «Катар» кайрымдуулук уюму жөнөтүп, «Боорукер бол»кайрымдуулук фонддору ишке ашырды.


Токтоян айылынын «Боорукер бол» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундуновдун айтуусунда
«Курман айтынар маарек болсун. Бүгүнкү курман айтта «Катар сараети» кайрымдуулук фонду жана «Боорукер бол» кайрымдуулук фонду экөө биригип 200 койду курмандыкка чалып жатабыз. Ал 200 кой 800 адамга болунуп Тоң Жети-Өгүз, Ак-Суу, Каракол, Түп жана башка жерлерге бөлүнөт. Бул жетим-жесир, аз камсыз үй-бүлөлөргө. Мындай ишти жылда уюштурабыз кудай буюрса» деп билдирди Тыныбек Зундунов

Бишкектен келген Жаманкулова Марипанын айтуусунда
«Катар бир боор эл экен, бизге жардам берип жетпеген адамдардын бираз көңүлүн алып жылуу мамиле кылган Катарлык биздин мырзаларга, айымдарга ыраазычылык билдирет элем. Ошолордун аркасынан анча-мынча курман айтта өзүнүн 200 баш мал союлуп Ысык-Көл обласын тейлеп атат. Катарлыктарга да ыраазычылык билгизем. Аллах ыраазы болсун. Курман айт маракебиз кут болсун. Ар бир инсанга ден-соолук, ыйман баарына каалап кетер элем, узун өмүр жаш берсин түгөнбөгөн бак берсин «Бай байлыгын берсин да байганбар дөөлөтүн берсин» биздин Кыргызстан эл акырындан бай болуп жетише берели катарлыктар менен»деп билдирди Жаманкулова Марипа

«Боорукер бол»кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тыныбек Зундуновдун энеси Ишенбековнанын айтуусунда
«Бүгүнкү курман айт майрамында өткөзүлүп жаткан иш чара бул «Катар» кайрымдуулук уюмунун тарабынан Ысык-Көл областынын индвалиттерине, жетим-жесирлерине жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген кайрымдуулук. Ушул фондто иштегендер баарыбыз биргеликте фондтун «Катар» фондтунан келген адамдар менен биргеликте койлорду союп бөлүнгөн адамдарга эттерди бөлүштүрүп өзүлөрүнүн адреси менен жеткирүү биздин милдетибиз. Бүгүнкү иш чарабыз ушундай жетим жесирлерге, жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй булөлөргө. Бул иш чараны уюштуруп жаткан «Катар» кайрымдуулук уюму жана «Боорукер бол»коомдук кайрымдуулук уюмунун жетекчиси Тыныбек Зундунов биз ошого жардамдашып жатабыз» деп билдирди Ишенбековна

Даярдаган: Гүлназ Жумагулова, Жибек Мелисова, Аяна Айбек кызы