"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылынындагы Асан Сопиев орто мектепинин алды брусчаткаланды

24 Сентябрь 2019 жыл 4:16
Көрүүлөрдүн саны: 177

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин алдына брусчатка төшөлдү.Брусчатка айыл өкмөт тарабынан жана «Ысык-Көл өнүктүрүү» фонду каржыланып 450 м2 жасалды.


Асан Сопиев орто мектебинин директору Алик Мамытовдун айтымымында мектептин алдын айыл өкмөт тарабынан жасалды.
«Мектептин алдындагы бурсчатканы айыл өкмөт тарабынан жасалды. Айыл өкмөт акча бөлүп ошолордун негизинде тендер ойнотулуп компания жасады. Айыл өкмөт тарабынан 400 000 сом бөлүнүп берилди, 200 000 сомду «Ысык-Көл өндурүү» фондусунан акча бөлүнүп » деп айтып өттү мектеп директор.

Асан Сопиев орто мекебинин география мугалими Ороз Садабаевтын айтымында мектептин алды жакшы деңгээлде жасалып, мектептин көркү ачылып калды. Мектептин алды толугу менен жасалса дагы жакшы болмок деген оюн айтты.
«Быйыл биздин мектептин алдына 450 м2 жерди брустаткалашты абдан соонун жасалды иштеген балдар да мыкты балдар экен тажрыйбалуу түптүз кылып жасап беришти бул бизге абдан соонун мектептин ажары ачылып калды десек болот мурда линейка болгондо ой чуңкур болуп өйдө ылдый түшүп турса ошонун баарын түздөп эң жакшынакай жасап беришти суу каптап линейкада ийри буйру турчу эле эми түп түз турат дейм анан эми абдан жакшы болду мектеп үчүн эми дарбазадан бери брусчаткаланса мындан да жакшы болот эле деп ойлойм» деп билдирди география мугалими.

Асан Сопиев орто мектебинин окуучусу Касиет Жеңишбекова өз оюн төмөндөгүдөй билдирди:
«Мектептин алдына брусчатка тизилгенине абдан кубанычтамын. Биз мурун линейкада тизилип турганда ийри-буйру, ылай жерде турчук. А зыр болсо түз жерде туруп калдык. Мектептин алдына брусчатка тизилгенден бери мектеп көркү чыгып калды» деп билдирди Асан Сопиев орто мектебинин окуучусу Касиет Жеңишбекова

Даярдагандар: Жибек Мелисова, Аяна Айбек кызы, Аяна Эламанова