"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

“Мугалим-мөмөлүү дарак” аттуу окуучулардын концерти

7 Октябрь 2019 жыл 3:55
Көрүүлөрдүн саны: 124

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев орто мектебинин 10-классынын окуучулары мугалимдердин майрамына карата концерт коюшуп,мугалимдердин көңүлүн көтөрүштү.


Аталган мектептин тарбия завучы Кундуз Шалтабаеванын айтымында:
«Жылда салт болуп калган окуучулар мугалимдер күнүнө белек берип ,ыр десте тартуулашып, концерт коюшат. Ар бир класс өзүнүн жөндөмүнө жараша аракеттенишет.Быйыл 10-класстар концерт коюшту.Мазмундуу ырларды ырдашып ,жакшы бийлерди бийлешти.Мугалимдер майрамы илгертен белгиленет. Концерт мугалимдерге жакты.»деп билдирди.
10-класстын окуучусу Элзира Токтомушованын айтымында:
«Бул концертти мугалимдер майрамына карата койдук.Концертти жакшы өткөрдүк деген ойдомун.Анткени бүт мугалимдерге куттуктоо жана белектерди бердик.Концертке классыбыздагы баардык 26 окуучу катышты»деп билдирди.
Мектептин “ Аваз” уюмунун президенти Нуржанат Советбек кызынын билдирүүсүндө:
“Жылыга салтка айланып калгандай, октябрь айынын биринчи жумасы мугалимдер майрамы болуп саналат. Майрамга арналган 10-класстын концерти жакшы деңгээлде болду. Өзгөчөлөнгөн слайд, күлкүлүү интермедиялар менен коштолуп, ар бир мугалимге гүл жана куттуктоо баракчалары берилди. Концертке мугалимдер эле катышты. Себеби, дублер күнү белиленип, жогорку класстын окуучулары сабак өтүшүп, жеке мугалимдер гана концертти көрүшү” дейт
Даярдаган:Сезим Темирова , Кыял Токонаева.