"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасманын футболчулары райондук футболдо 2-орунду ээлешти

9 Октябрь 2019 жыл 11:43
Көрүүлөрдүн саны: 131

Тасма айылынын жаш футболчулар тобу райондук футбол оюнунда 2-орунду ээлеп, громмата 6 000 сом утуп алышты. Аталган оюн Арал айылынын тургуну Болот Ракымов өткөзүп, баш байгеге акчалай сыйлыктар коюлган.Өткөзүлгөн оюндун максаты: айыл жаштарынын ынтымагын чыңдоо.

Аталган футболчулар тобунун жетекчиси Нурбек Кубандыковтун айтымында:
«Арал айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынын тургуну Ракымов Болот жаштарды ынтымакка чакырып,спорт оюндарын өткөрдү.Түп району боюнча баардыгы 14 команда катышты.Тасма айылынын жаштарынан 11 футболчу катышып ,район боюнча 2-орунду алып 6000сом жана громаталарды алышты,Арал оючулары 1-орунга ээ болушту» деп билдирет.

Тасма айылынын футболчулар тобунун оюнчусуЭлтуран Акеновтун айтымында:
«Женишке Аралдыктар 1-орунду,Тасмалыктар 2-орунду,Түп командасы 3-орунду,Аралдын экинчи командасы 4-орунду алышты.Тасма айылынын жаштарынан 11 футболчу катышты. Жакшы оюн көрсөтө алдык деп ойлойм. Буюрса кийинки оюндарда 1-орундарга жетебиз» дейт Элтуран Акенов
Даярдаган:КыялТоконаева. Касиет Керезбаева.