"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Быйыл Тасмада түшүм мол болууда

15 Октябрь 2019 жыл 13:29
Көрүүлөрдүн саны: 131

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында түшүмдүн былтыркы жылга караганда быйыл мол болгондугун айыл тургундары билдиришет.


Тасма айылынын тургуну Алмаз Дүйшөбаеванын билдирүүсүндө былтыркы жылга караганда быйыл түшум мол болгондугун айтып өттү.
«Быйыл түшүм буюрса жылдагыга караганда жакшы болду. Мисал үчүн алманы айтсам жылдагыга караганда быйыл алма берекелүү болду. Жылдагыга караганда таза жана түшүмү көп болду. Андан башка түшүмдөрдөн мисал үчүн эгинди алсак. Эгин былтыркыга караганда жакшы айдалды, жаанчыл болгондугуна байланыштуу жакшы түшүм мол болду. Андан сырткары картошка сепкенбиз. Картошканын түшүмү жакшы болду, чон-чон чыкты.Былтыркыга салыштырмалуу быйыл түшүм берекелүү болду» деп билди.

Аталган айылдын тургуну Эрнис Эгенбердиевдин айтуусунда быйыл түшүмдүүлүк жакшы экендигин айтып өттү.
«Быйыл түшүм жакшы болду. Огоротту суугардык,отодук,түптодүк былтырыга караганда быйыл жакшы болду. Былтыр түшүм аз болгону менен чондору көп болгон, быйыл көбүрөөк бирок майдасы менен чоңу бирдей эле чыгып жатат» деп билдирди айыл тургуну

Даярдагандар: Кыял Токонаева, Сезим Темирова, Жибек Мелисова