"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Окуучулар айылда жашаган жалгыз каарыларга жардам беришти

15 Октябрь 2019 жыл 13:37
Көрүүлөрдүн саны: 179

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин «Тимурчулар» тобу «Каарылар күнүнө» карата айылдык жалгыз жашаган каарыларга жардам беришти. Бул иш-чара жыл сайын мектептин «Аваз» уюму тарабынан өткөзүлүп келет.

Асан Сопиев орто мектебинин 8-классынын окуучусу Фериде Тапчылованын айтуусунда:
«Тимурчулар тобу түзүлгөнүнө кубанычтамын. Анткени каары адамдарга биз жардам беришибиз керек. Алар кӨп жумушту жасай албайт. Биз аларга жардам беришибиз керек. Биз картошка тердик , үй жыйнадык, тамак жасаштык. Каарыларга бир кун болсо дагы кубаныч тартууладык деген ойдобуз»


Аталган класстын окуусу Айзада Эсенканованын айтуусунда
«Тимурчулар»тобу көптөгөн жылдар боюу адамдарга жардам берип келишет. Жалгыз жашаган, оокат кыла албаган каарыларга жардам бердик. Биз алма тердик, картошка тердик, кирин жууп, огородундагы куурайларды жулуп өрттөдүк . Биз жакшы жардам көрсөтө алдык деп ойлойбуз. Анткени каары адамдар ден-соолугу начар адамдар жумуш кыла алышпайт. Алар бизге ыраазычылыгын айтышты» деп билдирди Айзада Эсенканова
Асан Сопиев орто мектебинин « Аваз» өзүн-өзү башкаруу уюмунун призиденти Нуржанат Саветбек кызынын айтуусунда бул «Тимурчулар» тобу жыл сайын иш алып барарын айтат.

«Жылыга октябрь айында белгиленүүчү каарылар күнүнө карата айылда жалгыз жашаган эки апага жардам көрсөтүшөт. Ар жылы 8-класстын окуучулары бөлүнөт. Быйыл жалгыз жашаган Жийдекан эненикине жана Батыйна эненикине барып, кыздар үй жумуштарын, балдар сырткы жумуштарын кылып беришти.» деп билдирди Нуржанант Саветбек кызы
Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова