"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Республикалык изилдөө ишинин натыйжасында Тасмалык окуучулар алдынкы орундарды ээлешти

15 Октябрь 2019 жыл 13:23
Көрүүлөрдүн саны: 62

2019-жылдын 9-майы Улуу Жеңиштин 74-жылдыгына карата Республикалык “Эрдиктердин изи менен” деген сынакта Сопиев мектебинин окуучулары илимий изилдөө иштерин жүргүшкөн.Аталган конкурска он окуучу катышып, төртөө алдынкы орундарды ээлешкен.


Асан Сопиев мектебинин директору Алик Мамытовдун айтымында “Улуу жеңиштин 74- жылдыгына карата май айында илимий изилдөө иштерин окуучулар жүргүзүшкөн.Бизде ондон ашык бала сырттан өтүүчү Республикалык сынакка жазышкан. Ошолордун арасынан төрт окуучубуз байгелүү орундарга ээ болушту.Саадат Турдуматова, Гулзар Курманбек кызы, Туратбекова Айзада, Шаймергенова Асел деген окуучуларыбыз громаталарды, ыразычылык каттарды алышты андан сырткары ар бири энцклопедия китептери менен сыйланышты.Бул окуучулар ошончолук деңгээлде изилденген жетишээрлик деңгээлде болгон үчүн Республикадан утуп келип атышат.Райондо 35 мектеп болсо ошол мектептердин арасынан 7, 8 мектептерде ушундай көрсөткүчтөр бар экен. Ошол көрсөткүчтү берген мектептердин арасында биздин окуучулар дагы бар экен. Мен буга абдан кубандым, ыраазы болдум.Себеби, бул биздин алдыңкы окуучулар, Тасманын күзгүлөрү, келечеги десек болот” деп айтып өттү мектеп директору.

Аталган конкурска катышкан Саадат Турдуматованын мугалими Кундуз Шалтабаеванын билдирүүсүндө “Өткөн окуу жылында Улуу жеңиштин 74-жылдыгына карата “Эрдиктердин изи менен” деген сынакта окуучулар илимий изилдөө иштерин жазышкан.Улуу Ата Мекендик согуш жылындагы эрдиктер боюнча изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.Ошол окуучуларга громаталар жана ыразычылык каттар берилди белектер менен чогу.Окуучулар болгон аракетин кылышты, изилдөө иштерин жазышты,сүрөттөрдү,илимий изилдөө ишине карата слайд даярдашкан” деп айтып өттү Кундуз Шалтабаева.

Даярдаган: Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова