"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айлынын көчөлөрүнүн аттары жаңыланды

15 Октябрь 2019 жыл 13:10
Көрүүлөрдүн саны: 229

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылынын ар бир көчөнүн аттары айылдан чыккан атактуу адамдардын ысымдары менен жаңыланды. 2020-жылы «Эл жана турак жайды каттоо» жүрө турганы кабарланып,ошол максатта көчөлөрдүн аттары такталып, жаңыланды.


Айылдагы көчөлөргө «Адыбаев Абдыкерим»,»Каниметов Кызайбай», «Бексултан» согуштун ардагерлеринин ысымдары берилди. Ал эми «Жакыпбаев Асанбек» Ооган согушунун ардагери, «Дюшебаев Аваз» Баткен согушунун катышуучусу жана айылдын атакттуу ишкерлери «Тынтай» , «Акмат Мукамбетов» деп жаңыланып, тактайларга жазылып илинди.


Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Гүлмира Ногоеванын билдирүүсүндө“690-токтомдун негизинде 2020-жылы «Эл жана турак жайды катто жүрөт». Ошондуктан көчөлөр такталды. Мамлекеттин талабы боюнча беш жыл сайын турак жайды жана эл каттоо сөзсүз жүрөт.Ошондой эле 2020-жылы эл жана турак жай каттоо болот ошол себептен көчөнүн аттары, үйдүн номерлери илинди.Бул иш буюрса ийгиликтүү өттү, жогору жака толук бүттү деп маалымат берип атабыз.Баардыгы такталып илинди.Тасма айылында жалпы беш көчө жыңыланды анын ичинен төртөө чоң көчөлөр бешинчиси болсо жаңы конуш”деп айтып өттү Гүлмира Ногоева.

Тасма айылынын көчөлөрүнүн бири Баткен согушунан курман болгон Аваз Дюшебаевдин апасы Жаңыл Дубанаеванын айтуусунда “2000-жылы Баткен согушунда менин уулум армияда болчу, Лейлек районун чек арасында коргоочу болчу.Басып алуучулар өлкөгө кол салып ошондо уулум каза болгон.Каза болгондон кийин айылдык кеңештин чечими менен “Аваз Дюшебаев”атындагы көчө деп анан дагы колдоолордун жана биздин суранганыбыздын негизинде коюлду. 2005-жылы баламдын ысымы көчөгө берилди.Мурун өзүбүздүн балдар демөөрчү болуп, көчөнун номерлерин үйлөргө койгонбуз.Кайра Аваз баламдын бир туугандыры өздөрү кайра жаңыртып коюшту”деп айтып өттү Жаңыл Дубанаева

Даярдагандар: Сезим Темирова, Кыял Токонаева, Аяна Айбек кызы