"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Башталгыч класстын окуучусу Айназ ыр жазуу менен алектенет

22 Октябрь 2019 жыл 11:59
Көрүүлөрдүн саны: 267

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу  Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы №19 орто мектебинин  4-классынын окуучусу Айназ Жолалиева 8 жашынан бери сабактан сырткары  ыр жазуу менен алектенет.

4- класстын окуучусу  Айназ Жолалиеванын айтуусунда «Мен канаттуулар жөнүндө жана  эне тил, апа деген ырларды жазгам. Мен 2- классымдан бери ыр жазам. Үйдөн көп китептерди окуйм. Ал китептер менин ыр жазуума жардам берет.

Жакшы иш кылып бата алып,

Тартиптүү балдардан бололу .

Каарыдан накыл кеп алып,

Акылсыздык жолун торойлу.»

Асан Сопиев атындагы №19 орто мектебинин  башталгыч классынын мугалими Элзат Эсенгелдиеванын айтуусунда «Менин классымда Жолалиева Айназ деген  кыз окуйт, ал кыз абдан токтоо, берилген тапшырманы так жана ар тараптуу кылып аткарганга аракет кылат. Айназ 1-класска киргенде эле шар окуп  китепке болгон өздөштүрүүсү эн мыкты болгон. Айназ китептерди көп окуйт ыр жазуусуна да китеп түрткү болду»деп билдирди.

Тасма айылынын тургуну Айназдын апасы Айгүл Усенованын айтымында  «Айназ 2-классында мага келип канатуулар жөнүндө ыр айтып бер деди. Мен кичинекей чагымдагы ырларды унутуп калгам. Анан эптеп бир куплет ыр айтып бердим. Ал болбойт деп кетип калган.Бир маалда кирип чыгып эле аткан, мага эч нерсе айткан жок,анан   сумкасын ачып карасам эки куплет ыр экен ошондон баштап кызым ыр жазат. Менин кызым китеп окуганды абдан жакшы көрөт.
Даярдаган: Аяна Эламанова, Жибек Мелисова, Аяна Айбек кызы