"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Асан Сопиев мектебинде түшум майрам өткөрүлдү

1 Ноябрь 2019 жыл 14:32
Көрүүлөрдүн саны: 287

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А.Сопиев атындагы орто мектептин 5-класстан 7-класска чейин түшум майрам,8-класстан 11-класска чейин КВН өткөрүлдү.

А.Сопиев атындагы орто мектептин уюштуруучусу Кундуз Шалтабаеванын айтуусунда «Окуучулардын жаратылыш менен болгон байланышын чыңдоо максатында,жаратылышка аяр мамилени кылыптандыруу максатында жылда түшүм майрам деп атап коёбуз күзүндө көрүшөт.Жаратылыш белектеринен ар кандай комрозицияларды жасашат.Быйылкы тема «Дүйнө элдеринин түшүм майрамы» болчу. Дүйнө элдери эмнелерди өндүрөт? Кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүшөт?Жыйнап бүткөндө түшүм майрамды кандай майрамдашат? Ошол жөнүндө маалымат издеп үйрөнүү максатында өткөрүлөт. Жакшы даярданышыптыр баары буклеттерин, дубал газеталарын илишкен, жаратылыш белектеринен композицияларды жасашкан.

А.Сопиев атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу Байэл Жайлообаев түшүм майрамы жөнүндө төмөндөгүдөй билдирди «Биз былтыркы жылга караганда жакшы деңгээлде даярдандык. Себеби,биз мурун кичинекей болгондуктан жакшы даярдана алчу эмеспиз.Быйыл жакшы даярдандык деп айта алам. Биз түшүм майрамдан 2-орун алдык 1-орунга жетпей калдык ага мен көп деле өкүнбөйм. Биз дагы көптөгөн конкурстарга катышабыз, ошолордон буюрса алдынкы орундарды алабыз деп ишенем» деп айтып өттү Байэл Жайлообаев.

Тасма айылынын А.Соптев атындагы орто мектебинин окуучучусу Кайрат Женизбековдун айтуусунда:»Быйылкы түшүм майрамга даярдыгыбыз абдан жакшы . Менимче түшүм майрам кызыктуу болду. Ар кандай суроолор жана таймаштар болду. Ошолордун ичинен биз 2- орун алдык . Бул күзгү майрамда биз көптөгөн нерселерди билип алдык. Мисалы: Азия элдери түшүм майрамды кандай тозушат жана башка өлкөлөрдү дагы.»деп билдирди

Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Аяна Элеманова