Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында тигүүчү цехтин ачылышы болду. Айылдагы сегиз айым тигүүчүлүктү окуп келгендер акча чогултуп тигүүчү цехти ачышты.
Тогузбай айылынын тургуну жана цехти ачып жаткан айымдардын мүчөсү Айзада Субалиеванын айтымында «Цех өзүбүздүн аракетибиз менен ачылды. Окуп бүткөн келиндер аракет кылып ачтык. Бизди окутуп жардам берген Тыныбек Зундунов болду. Тыныбектин аркасы менен бир ай Караколго барып келип сегиз келин окудук, бардыгыбыз авысындарбыз барыбыз ынтымактуубуз. Эгерде ушул боюнча кетсе жакшы ийгиликтер болот деп чоң ишеничтемин. Биз Тыныбек Зундуновко абдан ыраазыбыз, бизди түртүп окутканына. «Кызыл ай» коомуна да ыраазыбыз. Азыр алты келин эмгектенип атабыз. Бул башталышы болуп атат мындан ары да уланып кетсе бизге ошол чоң олжо, абдан кубанычтабыз. Биздин өзүбүздүн эки айдан берки жасап келген эмгектерибизди көргөзөлү, элге кулактандыруу кылалы деп аракет кылып атабыз. Бизди окуткан Зинакүл эжеге жана Гүлнара эжеге бизди ушул окууга түрткөн Тыныбекке аябай чоң ыраазыбыз. Тасма айылындагы «Бугу эне»самынчылар тобу бизге машина белекке беришти. Калган машиналарды өзүбүз алдык. Бизге помищения жагынан жардам болсо жакшы болмок»деп айтып өттү Айзада Субалиева
Чоң-Тогузбай айылындагы сегиз айымды окуткан мугалим Гүлнара Жээнбаеванын айтымында «Цехтеги кыздардын аракети абдан чоң, бул биздин жыйынтыгыбыз.Ушул кыздарды биз бир ай окутканбыз, тиккенди, бычканды андан тышкары дагы көп көп маалымат берилген жугуштуу ооруларды алдын-ала кандай алыш керек, биринчи жардамды окутканбыз, анан кыздардын аракети жакшы. Азыр мына кубанып отурабыз, ушундай цех ачып, ушундай ийгиликтерге жеткен биз үчүн абдан сыймык. Цех абдан жакшы экен. Жибербегенибиздин Помищения мындан дагы кененирээк болсо жакшы болмок. Айыл өкмөт колдоп демөөрчүлөр болсо, ушул кыздардын иши алдыга жылып кетет эле. Биз дагы өзүбүздүн колубуздан келген жардамды бергенге аракет кылабыз. Менин окуучуларым абдан ынтымактуу, жолдун алысына карабай келип кетип окушту. Кээ бирде суук болот жаан жаайт ошого карабай келип окушту. Бир да күн калтырышкан жок,өзүлөрү кызыгып окуп атышты. Ошонун мына жыйынтыгын көрүп отурабыз» деп айтып өттү Гүлнара Жээнбаева
Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Дамира Алдаярованын билдирүүсүндө «Бул цехтин ачылганына абдан кубанычтамын. Бул сегиз келин бир ай бою Караколго күндө барып келип окушту. Жакшы окутушту мына бүгүн өзүлөрү цех ачышып үзүрлүү эмгектенип атышат. Бул келиндерге жана мугалимдерине ыраазыбыз. Мындан аары да демөөрчүлөр болсо бул келиндер уланып кетишет деген үмүттөбүз. Цехтин айылга кереги зор. Биздин бир айылдагы тургун кызына септи жасаткан. Бул айыл тургундары үчүн жакшы. Ушул окууга биздин келиндерди түрткөн Токтоян айылындагы «Боорукер бол «кайрымдуулук коомунун жетекчиси Тыныбекке да чоң рахмат. Кыздарыбызды окуткан Зинакүлгө жана Гүлнарага да чоң рахмат» деп айтып өттү айыл тургуну.
Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы орто мектептин директору Гүлайым Иманбетванын айтуусунда:» Бул цех биздин айылда чоң иштин башталышы болуп жатат. Бул жерде сегиз киши иштейт сегиз киши жумуш менен камсыз болдуп атат бул абдан жакшы. Булар Караколго барып бир ай окуп келишти абдан жакшы деңгээлде үйрөнүптүр мен ойлойм буларды даагы көптөгөн ийгиликтер күтүп турат» деп айтып өттү деректор.
Тогузбай айылынын айыл башчысы Урмат Жортучиевдин айтуусунда»Мен бул айылдын башчысы катары бул иш башталышы гана даагы өсүп кетсе биз да жардам көрсөтүп турабыз. Биздин айылда да бош жүрбөй жумушчу топ түзүлүп жатат» деп билдирди айыл башчы.