"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында күз мезгили

11 Ноябрь 2019 жыл 18:08
Көрүүлөрдүн саны: 218

Ысык Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында күз мезгили өзүбүзгө абдан жагат. Күзүндө эгин,картошка жыйналат. Элдин баары быйыл күздүн берекесине ыраазы, быйыл күз мезгили түшүм мол мезгил болду. Күз мезгили абдан жагаарын айтып өтүштү


Тасма айылынын тургуну Лиза Турганбаева айтуусунда «Күз айында тушум мол болгондугун» билдирди
«Тасма айылынын күзгү өзгөчөлүктөрүн айтсам Тасма айылында күзгү өзгөчөлүктөр аябай жагат эгин себилет талаага картошка себилет ошол эгиндерибиз жакшы чыгып берди. Коп элдин ыраазы болуп жаткандарын уктум. Жайдын апталуу ысыгында бир айдай ысык болсо дагы эгинибиз такыр чыкпай калбай жакшы чыгып берди элдер күздүн берекесине ыраазы. Анан картошколар себилет, картошкаларды дагы жакшы алышты элдин баары аларга деле ыраазы болуп жатышат. Анан дагы өзүбүздүн үйдөгү сепкен жашылча жемиштер өзүбүз өзүбүзгө ыраазыбыз, анткени өзүбүз огородко сепкен жемиштерибиз химикатсыз себебиз органика менен себип таза жер- жемиштерди балдарыбызга берип,балдарыбызды таза органика менен тамактандырууга калптанып калдык. Күзгү түшүм сепкен эгиндерибиз жакшы. Быйыл огородогу сабиз, жүгөрү, пияз, помидор, бадыраң аябай мөмөлөрүн жемиштерин жакшы берди быйылкы күз берекелүү күз болду. Кышка даярдык айабай жакшы болот. Картошка өзүбүздүн огородтон казып өзүбүздүн погрипке сактайбыз. Буудай, арпаларды сактайбыз, капусталарды дагы сактайбыз бадырандарды туздайбыз пияздарды казып сактайбыз кышкыга даярдык ушундай» деп билдирди айыл тургуну.

Тасма айылынын тургуну Чолпон Маданбекова оз оюн төмөндөгүдөй билдирди «Күз башка мезгилдерге караганда кооз, аябагандай өзгөчөлүктөрү бар. Биз кышка балдарды жылуу кийинтип, отундарды даярдап кышка жакшы даярданып жатабыз. Мага күз кооздугу менен жер жемиштердин молдугу менен жагат»деп оз оюн айтып
өттү айыл тургуну

Аталган айылдын тургуну Гүлжамал айымдын айтуусунда
Күздүн өзгөчөлүктөрү эгин жыйналат ,картошка жыйналат, алма мөмөлөр жыйналат ,кышка даярданат отун камдайт күздүн арты кыш болот , көмур алмай ,ун ,талкан камдамай малдарга жем камдамай күз өтө берекелүү мол түшүм болот . Мөмөлөр бышат малдар семирет тойлор болот» деп билдирди Гүлжамал айым

Тасма айылынын тургуну Гүлипа Токтосунованын айтуусунда
« Бышыкчылык эгин жыйналган алма мөмөлөрдүн баары жыйналып элдин баары кышка даярданат. Отун камдайт күздүн арты кыш болот. Көмур камдамай ун,талкан камдамай эгиндерди чаап ,малга жем, чөп камдайбыз. Күз мага берекелүүсү бышыкчылыгы менен баары бышкан кененчилик. Тойлор болот ошонусу менен жагат» деп билдирди айыл тургуну.

Даярдагандар: Фатима Эсенканова, Жибек Мелисова, Аяна Элеманова,Аяна Айбек кызы, Касиет Керезбаева